bbc.co.uk navigation

Саясий буюртмабы же коррупционерлерге сыйыртмак салынуудабы?

Соңку жаңыланышы: 22-февраль, 2012 - 13:13 GMT

Кыргыз депутаттары кол тийбесттик укугуна ээ. Аларды сот жообуна тартуу парламенттин макулдугу менен гана ишке ашат.

Башкаруучу коалицияга кирген “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду баш прокуратура сурак алууну көздөп, аны кол тийбесттик укугунан ажыратуу сунушун парламентке кечээ жолдогон. Бул маселени депутаттык комиссия иликтеп, жакынкы күндөрү палатаныны кароосуна алып чыгылышы күтүлүүдө.

Баш прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды иликтеген башкармалыгын башчысы Жаныбек Салиев:
“Депутака карата өткөн жылы козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, мындан улам аны суракка чакыруу маселеси көтөрлүгөнүн”,- айтты.

Депутат Пирматов мурдагы бийлик тушунда “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасын башкарып турган чакта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик казынага зыян келтирген деп шектелүүдө. Депутат болсо бул иш атайлап жасалган, саясий буюртма экенин айтат:

Исхак Пирматов

"Эгер депутаттык комиссия менин ак экенимен күмөн санай турган болсо мен өз эрким менен кол тийбесттик укугуман баш тартам. Бирок бул иш "ак жип менен оролгон саясий буюртма экени көрнүп эле турат". Мунун юрист эмес, мектеп кол эмек сабагынан берген мугалим деле айта алат."

“Эгер депутаттык комиссия менин ак экенимен күмөн санай турган болсо мен өз эрким менен кол тийбесттик укугуман баш тартам. Бирок бул иш ак жип менен оролгон саясий буюртма экени көрнүп эле турат. Мунун юрист эмес, мектеп кол эмек сабагынан берген мугалим деле айта алат”.

Аликбек Жекшенкулов

"Бул эми мамлекеттин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшү. Коррупциянын тамырын кыркуу үчүн алды менен паракор депутат, министрлерден баштап жоопко тартыш керек болуп жатпайбы. Ал эми алардын күнөөлүү же ак экенин фактылар далилдейт. Анын үстүнө азыр аларда микрафон бар. Бизден айырмаланып өз үнүн элге жеткире алат. "

Ошондой эле айрым маалымат каражаттары баш прокуратура “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Нурлан Сулайманов жана Нариман Түлеевдерди дагы кол тийбесттик укуганан ажыратуу сунушун жолдогонун жазып чыгышкан. Бирок баш прокуратура бул маалыматты төгүндөп, бул үч депутатка карата козголгон кылмыш иштери тергелип жатканын айтты.

“Бул ишетрдин баары 2010-жылы эле ачылган болчу. Ортодон токтоп калган. Азыр кайра жандандырылып тергелүүдө. Эгер бул депутаттардын күнөөлөрү тастыктала турган болсо, аларды дагы суракка чакырабыз”-деп түшүндүрдү баш прокуратуранын өкүлү Жаныбек Салиев.

Баш прокуратура тергөө кызыкчылыгы үчүн деп бул кылмыш иштер туурасында кеңири маалымат берүүдөн карманууда. Белгилүү болгон бул депутаттарга каршы козголгон кылмыш иштери алардын мурдагы бийлик тушундагы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

“Ата-Журттун” лидери Камчыбек Ташиев баш прокуратуранын сурагынна өтүүгө даяр экенин айттып чыкты. Ал дагы өзүнө карата козголгон кылмыш ишин саясий буюртма деп, артында эл турганын эскертүүдө.

Негизи эле Кыргызстанда тигил же бул саясий фигурага каршы козголгон кылмыш иштер саясий буюртма катары каралып келет. “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Бакиевдин бийлиги тушунда мамлекеттик казынага зыян алып келген деп камакка алынып, 7-апрелден кийин акталган.

Аликбек Жекшенкулов

"Бул эми мамлекеттин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшү. Коррупциянын тамырын кыркуу үчүн алды менен паракор депутат, министрлерден баштап жоопко тартыш керек болуп жатпайбы. Ал эми алардын күнөөлүү же ак экенин фактылар далилдейт. Анын үстүнө азыр аларда микрафон бар. Бизден айырмаланып өз үнүн элге жеткире алат. "

Ал ошол кездеги оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу кысмакка алынганын айтып келет. Бирок ал азыр депутаттарга каршы ачылып жаткан кылмыш иштерин саясий буюртма деп атоодон алыс экенин айтат.

“Бул эми мамлекеттин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшү. Коррупциянын тамырын кыркуу үчүн алды менен паракор депутат, министрлерден баштап жоопко тартыш керек болуп жатпайбы. Ал эми алардын күнөөлүү же ак экенин фактылар далилдейт. Анын үстүнө азыр аларда микрафон бар. Бизден айырмаланып өз үнүн элге жеткире алат. Бакиевдин тушунда болсо биз үнүбүздү чыгара алган эмесбиз. Анын үстүнөн азыркы президент саясий буюртманы өз башынан кечирген адам, андыктан ал андайга барбайт деп ишенем”.

Кыргыз парламенттинде коррупцияга аралашкан, ал турсун кылмыштуу топтор менен байланышкан адамдар олтурат деген дооматтар көп айтылып келет. Ал турсун муну мурдагы президент Роза Отунбаева ачык эле айтып, мыйзамсыз иш-аракеттерге барган бир бир топ кишилер депутаттык мандатка жамынып алганын билдиргени бар.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.