
Оштун өзбек-кыргыз аралаш районунда чоңойгон Алияр кыргыз тилинде көркөм окуу боюнча биринчиликти алды
Эл аралык эне тил күнүнө карата Ыйык Ата Журт жаштар фонду уюштурган улуттар аралык сынактын жыйынтыгы чыгарылып, бүгүн жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Сынакка алты жүздөн ашуун башка улуттун өкүлдөрү катышып, мамлекеттик тил боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү
Алияр Ош шаарында 11-класста окуйт. Ал Эсенгул Ибраевдин Улут болсом, тилим менен улутмун аттуу чыгармасын көркөм окуп берип, олимпиаданын жеңүүчүсү деп табылды. Оштун өзбек-кыргыздар аралаш жашаган районунда чоңойгон Алияр үчүн кыргыз тили экинчи эне тили болуп калган.

"Мыкты манасчы" Насифа
Нафиса Жалал-Абаддын Ноокенинен келген. Эне тили өзбек тили экенинен карабай кичине чагынан бери эле Манас айтууга кызыгуусу күч экен. Улут аралык олимпиадада ал "мыкты манасчы" номинациясын жеңип алды.
Көркөм окуу боюнча экинчи орунга жетишкен Нарындык Михаил кыргызча түш жоруйт. Ал кыргыз тилин үйрөнүү үчүн атайлап күч жумшабаганын айтат. Дитин койгон адам тез эле үйрөнөт- дейт ал.
Улут аралык биринчи олимпиаданын уюштуруучусу Ыйык Ата журт жаштар фондусунун жетекчиси Эрлан Эсенкановдун айтымында, кыргыздарды кыргызчы сүйлөтө албай жаткан чакта башка улуттарды кыргызча сүйлөтүү оңойго турган эмес.

Энеси кыргыз, атасы афро-канадалык Ясмин кыргызча созолонто ырдайт
Биз биринчи жолу өткөрүп жаткандыктан коркконбуз, элүү-алтымыш катышуучу болот деп ойлоп атканбыз. Бирок, алты жүздөй катышты, таң калып калдык. Негизи башка улуттун өкүлдөрүндө биздин тилге болгон сый-урмат бар экен. Биз аларга колдоо көрсөтүп, стимул беришибиз керек экен деп калды- дейт Эрлан Эсенканов.
21-февралда Кыргызстанда эл аралык эне тил күнү белгиленди. Мамлекеттик тил макамына ээ болгон кыргыз тилине байланыштуу көйгөйлөр аз эмес. Ал тургай Бириккен Улуттар Уюму кыргыз тилин жоголуп бара жаткан тилдердин катарына кошкон.









