bbc.co.uk navigation

Маданий ишмерлерди көркөм кеңеш электен өткөрөт

Соңку жаңыланышы: 20-февраль, 2012 - 15:04 GMT

Соңку убактарда маданият чөйрөсүндө баш аламандык орун алып, улуттук маданияттын көрөңгөсү калбай баратканын жүйө кармаган маданият министри көркөм кеңештин жардамы менен кырдаалды жөндөй турганын жар салды. Капиталисттик доордун таланттары мындай демилгени советтик цензура катары баалап, артисттерге кошумча тоскоолдук болот деп жатышат.

Аталган кенештин курамына ырчы, бийчи, акын, музыканттан тартып, модельерге чейин кирген. Алар артисттин концерттик программасынан баштап, кийген кийимине чейин көзөмөлдөйт.

Белгилүү акын Анатай Өмүрканов жылдыздардын ырларынын сөздөрүн электен өткөрөт. Соңку убактарда ырдалып жаткан ырлардын мааниси таптакыр төмөндөп кеткендиктен ушундай кадамга барууга аргасыз кылганын айтат.

-“Азыркы ырларды ата-эне, бала, келин менен отуруп уга албай калдык. Сөздөрү орой, мааниси төмөн, касиети жок. Азыркы жаштарга айтсаң укпайт, сен кимсиң дешет” – дей акын.

Көркөм кеңештин мүчөсү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова бул кеңеш жаштардын деңгээлин өстүрүүгө чоң түрткү болот деп ишенет. “Чыныгы таланттар же акчанын таланттары ошондо айырмаланат, улуттук көрөңгөнү сактоо биздин милде”- дейт ал.

Кыргыз көрүүчүлөрүнө профессионал ырчы катары таанылган Ырыскелди Осмонкулов көркөм кеңештин түзүлүшүн советтик цензурага салыштырат.

-“Азыркы капиталисттик доордо мындай демилгелер орунсуз. Азыр бардык адамдар эркин. Бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт, анан кантип тыйган жатышат, мен үчүн түшүнүксүз”- дейт ал.

Советтик таланттардын бири Асылбек Өзүбеков эртелеп чочулоонун кереги жок деп эсептейт. Советтик цензурага бышкан артист демократиялык цензурадан эч чочулабайт.

Көркөм кеңеш 1-апрелден баштап ишке киришет. Ага чейин артисттер концерттик программаларын даярдоого тийиш. Көркөм кеңештин мөөрү басылган күбөлүгү бар маданият ишмерлери гана мамлекеттик каналдарга, мамлекеттик сахналарга чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.