bbc.co.uk navigation

Медициналык мекемелердеги кезектерди кыскартса болобу?

Соңку жаңыланышы: 16-февраль, 2012 - 13:34 GMT

Бишкектеги улуттук кардиология борбору оорулууларды дарылоо менен бирге илимий изилдөө иштери менен алектенүүгө тийиш. Бирок, оорулуулардын көптүгүнөн экинчи милдети аксап калып жатканын айтышат адистер. Кайсы убакта баш баксан да катар-катар тизилген элди көрөсүң.

Гүлнара Капарова бир аптадан бери уулунун жүрөгүн текшертип көп кабинеттердин эшигин каккылап келет. Кош бойлуу болгонуна байланыштуу узакка кезекте туруудан өтө чарчаган экен. Бир эле кардиология борбору эмес, дээрлик бардык эле медициналык мекемелерде бул көйгөй орундуу экенин айтат:

-“Аябай кыйнайт кезек күтүү, кэде кечке күтүп отурсаң бүттү кабыл албайбыз деп дарыгерлер кабыл албай коюшат. Ушун бир жөнгө салса, чара көрсө жакшы болот эле”.

Аягы үзүлбөгөн кезектен дарыгерлер өзүлөрү да чарчаганын айтышат. “Кээ бир күндөрү тиешелүү нормадан эки-үч эсе көп оорулууларды кабыл алууга туура келет. Дарыгерлерге да, жабдыктарга да күч келип атат”- дейт ЭКГ кабинетинин врачы Ырыс Мадиярова.

Узакка кезек күтүү негизинен борборго тиешелүү көрүнүш. Улуттук кардиология борборунун башкы дарыгери Жамиля Иманакунованын айтымында, жаңы ооруканаларды салуудан башка бул маселенин чечилиши арсар.

Саламаттыкты сактоо министринин тапшырмасы менен учурда медициналык мекемелердеги кезектерди кыскартуу боюнча концепциянын үстүнөн иш башталды. Оорулууларды туура мекемеге багыттоо, алгач баштапкы мекемелерден дарылоо сыяктуу сунуштар айтылууда. Бирок, жаңы концепция оорулуулардын жүгүн жеңилдетеби же кага турган эшигин көбөйтөбү азырынча белгисиз.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.