Буга чейин бажы төлөмдөрүн жергиликтүү ишкерлер төлөп келсе, жаңы өзгөрүүлөргө ылайык бул төлөмдөр күйүүчү майды саткан тарапка жүктөлгөн. Мындан тышкары, чет элдик компаниялар жергиликтүүлөргө караганда эки эсе көп төлөөгө тийиш.
1-февралдан баштап бажы кодексине киргизилген мына ушундай өзгөрүүлөр 1-марттан баштап күйүүчү майдын кескин кымбатташына алып келиши мүмкүн экенин эскертүүдө Кыргызстандын нефтетрэйдерлер ассоцациясынын башчысы Жумкадаыр Акенеев.
Февраль айында 60 миңдей күйүүчү май келиш керек болчу, азыр сегиз миңдей гана келди. Анча-мынча запастарыбыз болуп, ошол сактап атат азыр. Эми айдын аягында же баалар кымбаттайт же күйүүчү май тартыштыгы күчөйт – дейт ал.
Быйылкы кыштын катуулуганан чүнчүп турган калк үчүн күйүүчү майдын кымбатташы өтө суук кабар болду. Ансыз да туш-тараптан кымбатчылык басып турган чакта, жаз алды менен күйүүчү май кымбаттаса жалпы саясий туруктуулукка коркунуч келиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирет коомдук парламент жетекчиси, серепчи Касымбек Раимкулов:
Калк арасында нааразылык күч. Баары кымбат. Жуз адамдын токсон тогузу нааразы деп айтты бирөө өткөндө, ушундай шартта күйүүчү май кымбаттаса, эл жерди кантип айдайт, күйүүчү май кымбаттайт деген со баары кымбаттайт дегенди түшүндүрөт да. Эл анан өзүнөн өзү көчөгө чыга баштайт.
Буга чейин да электр энергиясы кымбаттайт, жол кире акысы көтөрүлөт деген уу-дуу кептер тарап, көпчүлүктүн нааразылыгы күч болуп турган эле. Эгер күйүүчү май дагы дээрлик отуз пайызга кымбаттай турган болсо, бардык тармакта баалардын өсүшү күтүлөт. Ошондуктан, калк дүрбөлөндө.
Бюджетти толтуруу максатында бажы кодексине киргизилген өзгөрүүлөр эми чоң талкууга жем таштады көрүнөт. Жогорку Кенештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин билдирүүсүндө бажы кызматы менен бирдикте кайрадан бул маселе каралууда. Бирок, аталган комитет өзгөрүүлөрдүн тагдыры туурасында так жооп айта албай жатат. Ал ортодо жаңы өзгөртүүлөргө байланыштуу түзүлгөн кырдаалды тез арада жөнгө салуу туурасындагы кайрылуу өкмөткө жолдонду.









