Кыргыз өкмөтү кен байлыктарды таза жана натыйжалуу иштетүү жолдору каралган жаңы мыйзам долбоорлорун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. Бул тармакты коррупциядан тазалоо өкмөттүн колунан келеби?
Жыйырма жылда тоо кен тармагында коррупциянын күнү тууду
Өкмөт өкүлдөрүнүн өздөрүнүн айтымында өлкөдө жыйырма жыл ичинде Кумтордон башка бир да кен өздөштүрүлгөн жок. Андаш, Жерүй, Бозымчак, Караказык, Жамгыр сыяктуу чоң кендерде өндүрүштүк иштин чети да оюла элек. Көзгө көрүнүктүү жаңы геологиялык ачылыштар дагы жасалган жок.
"Жыйырма жылдан бери тоо-кен тармагында коррупциядан башка иш болгон жок. Иш башталса эле каражаттар бирөөнүн чөнтөгүнө кетип, бюджетке түшпөйт. Ошон үчүн эл ишенбейт."
Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр
Кен байлыктарын иштетүү үчүн инвесторлорго берилген лицензиялар колдон колго өтүп, массалык чайкоочулуктун жеми болду, коррупциянын күнү тууду, так ошол себептүү инвесторлорго жергиликтүү элдин ишеними жок.
"Жыйырма жылдан бери тоо-кен тармагында коррупциядан башка иш болгон жок. Иш башталса эле каражаттар бирөөнүн чөнтөгүнө кетип, бюджетке түшпөйт. Ошон үчүн эл ишенбейт. Ошон үчүн биз эл менен ачык сүйлөшүп жатабыз. Ишти баштайбыз, баланча каражат бюджетке түшөт, түкүнчө каражат рекультивацияга кетет. Ошондо силер өзүңөр чечесиңер, -деп жатабыз", -дейт вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев.
Жаңы мыйзамдар таза жолду сунуштайт
Тоо-кен тармагындагы кейиштүү абалды оң жолго салуу үчүн биринчи кезекте Жер кыртышы жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алуу, Жер кодексине, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле экинчи этапта концессия жөнүндө, тоо концессиясы жөнүндө, продукцияны бөлүшүү тууралуу макулдашуу жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу каралууда. Жаңы мыйзамдык чаралар бул тармактагы акимчилик башкарууну экономикалык методдорго которуу, так, таза жана ачык-айкын ишти камсыз кылган эрежелерди киргизүү, кен байлыктарын иштетүүгө лицензия берүүнү конкурс, аукцион аркылуу жүргүзүү, кен чыккан аймактагы элдин турмушун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү сыяктуу принциптерге негизделген. Мисалы кен иштетүүгө келген инвестор жергиликтүү элди техникалык кесиптерге окутуу, ишке орноштуруу, инфраструктурасын өнүктүрүү, маданий иш чараларды өткөрүү каралган бүтүндөй социалдык пакет аткарууга милдеттендирилет. Андан сырткары кенди иштетүү учурундагы салыктардын элүү пайызы жергиликтүү бюджетке түшө турган болууда.
"Эгер ушул механизмдер иштеп баштаса инвестор менен жергиликтүү элдин ортосундагы каршылык азайып, мамиле кыйла жакшырат",- дейт тоо-кен тармагында көп жыл иштеген адис Какетаев Кадырбек.
Эл ишенген инвестор келсин
Өлкөдө Кумтөр кенин эске албаганда мамлекеттин балансында совет бийлигинин жылдарында эле чалгындалган отуздан ашык алтын кени бар. Андан башка алюминий, темир, көмүрдүн ири кендери бар. Бирок кен байлыктарды сарамжал жана натыйжалуу пайдалануу жолго коюла элек. Андаш, Жерүй, Арал, Солтон-Сары алтын кендеринде инвесторлорго жергиликтүү элдин каршылыгы катуу, ал түгүл геологдорду сабап кеткен окуялар катталды. Бир күн мурда эле Нарында Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотуу талабы менен жаштар уюмдары митинг өткөрдү.
"Инвесторго эл каршы эмес, келсин, элге ачык иштесин, туура иштесин деген талап болууда."
Аманбек Исмаилов, Нарын облустук жаштар уюмунун жетекчиси
"Инвесторго эч ким каршы эмес, келсин, баарын ачык-айкын көрсөтсүн, туура иштесин деген талап болууда", - дейт Нарын облустук жаштар уюмунун жетекчиси Аманбек Исмаилов.
Кыргыз өкмөтү ошентип тоо-кен тармагын коррупциянын чынжырынан бошотуп, таза жана натыйжалуу иштетүүгө кезектеги аракетин баштады. Буга чейин өкмөттүк комиссия эки ирет текшерип, тоо кендерин иштетүүгө берилген миңден ашык лицензиялар жеке бирөөлөрдүн гана капчыгын толтуруп жатканын аныктап, ишти оңдоонун жолдорун көрсөткөн көп сунуштарын беришкен. Бирок ошол сунуштар орто жолдо калып, бул тармактагы тамырлаган коррупцияны колго чабууга мамлекеттин шаасы келбей жатканын жакында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Шамил Атаханов ачык моюнга алды. Ошондуктан элди да, экологияны да сактап, инвесторлорду да коргоп, кен байлыктарды мамлекет кызыкчылыгында иштетүүгө жарайбы же жокпу, бул азыркы өкмөт үчүн сыноонун сыноосу болуп саналат.









