Бишкекте жол кыймылы коопсуздук башкармасынын бүтүндөй курамы бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин алдына митингге чыгышты. Алар коопсуздук комитетинин тергөө абагында өлгөн жол кыймылынын инспектору Айбек Эшбаевдин окуясын акыйкат иликтөөнү талап кылышты.
Пара алды деген шек менен кармалган Айбек Эшбаевдин жансыз денеси 13-февралда таңда тергөө абагынан табылган. Коопсуздук комитети аны өз жанын өзү кыйды деп билдирген.
Бул окуя жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор курамын бүтүндөй нааразы кылууда. Бул ишти атайын комиссия иликтөөгө алып иштеп жатат. Жол инспекторунун өлүмүнүн чоо жайын Би-Би-Сиге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Токталиев мындайча айтып берди:
-Уруп-сабады дегенге негиз жок. Анткени Эшбаевке кылмыш иши биздин мекемеден козголгон эмес. Бишкек шаардык прокуратурасы жана Каржы полициясы тарабынан козголуп, алар кармап, биздин СИЗОго киргизилген эле. Медициналык текшерүү өткөргөндө андай уруп-сабалган жагдайлар табылган жок. Өзүнө-өзү кол саган деген факты аныкталган.
46 жаштагы Айбек Эшбаев акча талап кылган деген шек менен кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалганы, 13-февралда таңга жуук асынып өлгөнү айтылган эле. Бирок жакындары ал өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбей, ишти калыс тергөөнү талап кылышууда.









