bbc.co.uk navigation

ТИМ: Бакиев кыргыз атуулдугунан чыга элек

Соңку жаңыланышы: 9-февраль, 2012 - 12:20 GMT
Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Белорусия атуулдугун алганы туурасында кыргыз бийликтерине расмий маалыматар түшө элек.

Тышкы иштер министринин айтымында Бакиев дагы деле Кыргызстан атуулу, андыктан ал башка өлкөнүн атуулдугун ала албайт.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Беларусия менен Кыргызстандын ортосунда кош атуулдук келишими жок экенин айтып, Бакиев башка өлкөнүн атуулу болуудан мурда кыргыз атуулдугунан чыгышы талап дейт.

Бирок укук таануучу Абдыкерим Ашыров айрым жагдайларда бул жобо иштебей калганын дүйнөлүк тажыйрба көрсөтүүдө дейт.

“Албетте, башка өлкөнүн атуулдугун алуудан мурда өз өлкөсүнүн атуулдугунан чыгышы керек. Бирок мына азыр деле Орусиянынын бир катар олигархтары чет өлкөгө башпаанек алып кетип, орус атуулдугунан чыкпай туруп баш калкалап жүргөн өлкөсүнүн атуулу болуп калып жатышпайбы.

Тилекке каршы мыйзамды айланып өткөн мындай жагдайлар бар. Бирок мен Беларусия Бакиевке атуулдук бергенине ишенбейм. Анткени, Кыргызстанда аныны үстүнөн кылмыш иши ачылган, ал эми атуулдук берүүдө бул жагдайлар эске алынат”.

Бакиев Кыргызстанда массалык адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. Анын үстүнөн кылмыш иши ачылган жана сыртынан айып тагылган. Кыргызстандын баш прокуратурасы Бакиевди экстрадициялоо өтүнүчү менен беларус бийликтерине кайрылып, бирок оң жооп ала албай келет.

Укук таанучу Абдыкерим Ашыров эгер Бакиев Белорусия атуулдугун ала турган болсо, кыргыз тарап аны таптакыр эле жоопко тарта албай калат дейт.

“Эми чынын айтканда бул маселе азыр деле чечилбей жатат. Бирок келечекте Беларусияда бийлик системасы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Жаңы бийликтин Кыргызстан менен алакасы, бул маселе боюнча позициясы дагы өзгөрүшү мүмкүн. Эгер Бакиев башка өлкө атуулдугун алып алса, анда ал кылмыш жообунан кутулууга түбөлүк кепилдик алат”, - дейт эксперт.

Бакиев 2010-жылдагы бийлик алмашуудан бери Беларусиянын борборунда баш калкалап келет. Беларусия президенти Александр Лукашенко менен Курманбек Бакиевдин жакын мамиледе экени айтылып келген.

Лукашенко Бакиевди Минскке жеке чакыруусу менен кабыл алганын айткан эле.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.