bbc.co.uk navigation

Радиоактивдүү көмүр көзөмөлдүн жоктугунан келген

Соңку жаңыланышы: 8-февраль, 2012 - 13:00 GMT

Казакстандан келген радиоактивдүү көмүр окуясын Жогорку Кеңеште териштирүү өлкөгө көмүр ташууда тендер өткөрүүдөн баштап чек арадагы текшерүү көзөмөл иштеринин баарында тең оркойгон мыйзам бузуулар экенин көрсөтүүдө.

Казакстандан келген радиоактивдүү көмүр жөнүндөгү парламенттеги териштирүүгө премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон тийиштүү тармактын министрлери, баш прокурор Аида Салянова катышты.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын премьер-министри

Парламенттеги жалпы талкуу өлкөгө сырттан көмүр алып келүүдө тендер өткөрүүдөн баштап чек арадагы көзөмөл текшерүү иштерин жүргүзүүнүн баарында оркойгон мыйзам бузуулар бар экенин көрсөттү. Энергетика министрлигинин тийиштүү структуралары тендер өткөрүүнүн мыйзамдуу шарттарын сактабай шалаакы мамиле кылгандыгы, ал түгүл тендер өткөрүү иштерине жогорку кызматтагы жетекчилер кийлигишкени ачыкка чыкты. Кыргызстанга радиоактивдүү көмүр апкелген Кулан ТВ компаниясына Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков жан тартып кийлигишкенин энергетика министри Аскарбек Шадиев ачык айтты.

Маалыматтарга караганда баардыгы Бишкек ТЭЦине 8537 тоннадан ашык, ал эми Чүй облусундагы мектептерге 900 тоннадан ашык радиоактивдүү көмүр алынып келинген. Анын ичинен 180 тоннасы жагылып кеткен. Алардын радиоактивдүүлүгү нормадан төрттөн -он эсеге чейин жогору болгондугун текшерүүлөр аныктаганын өлкөнүн башкы санитардык врачы Сабыржан Абдыкаримов ырастады.

Чек арадан текшерилбей өтүп кеткен радиоактивдүү көмүр фактысы боюнча Башкы прокуратура беш кылмыш ишин козгогон. Эки иш, бажыкананын эки кызматкерине Анын ичинде эки бажы кызматкерине, санэпидем станциянын эки кызматкерине күнөө коюлууда. Андан сырткары Чүй облусундагы социалдык мекемелерге көмүр апкелген “Импеккси” фирмасына, Төмөнкү Серамиовкадагы карылар үйүнүн жетекчилигене, тендердик комиссияга да да кылмыш иши козголууда. Башкы прокурор Аида Салянова бажы кызматкерлери менен радиологдор чек арадан текшербей, кагазын карап гана өткөрүп жибергени үчүн айыптуу болуп жатканын билдирди.

Баш прокурор радиоактивдүү көмүр боюнча тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатканын, анын жүрүшүндө кылмыш жоопкерчилигине башка фигуранттар да тартылышы ыктымалдыгын билдирди. “Ата Журт” фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиев радиоактивдүү көмүрдү алып келген үчүн эн оболу Өмүрбек Бабановдун кызматтан кетишин талап кылууда. Бул чуулгандуу ишти бир эле учурда депутаттык комиссия көзөмөлдөп иликтей турган болууда.

Казакстандан келген радиоактивдүү көмүрдүн баары бүгүнкү учурда мектептерден жүктөлүп, Бишкек ТЭЦинин кампаларына жыйылууда. Аларды өкмөт кайсы компания алып келсе ошол компания алып чыгып кетет деп билдирүүдө.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.