bbc.co.uk navigation

Мектептер радиоактивдүү көмүрдөн тазаланууда

Соңку жаңыланышы: 8-февраль, 2012 - 10:08 GMT

ӨКМнын басма сөз кызматы радиоактивдүү көмүр Чүй областындагы мектептерден ТЭЦтин короосундагы кампаларга жеткирилгенин маалымдоодо. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгү радиоактивдүү көмүрдүн күлү ташып чыгаруу иштери жүрүп жатканы айтылууда.

Казакстандан алынып келинген радиоактивдүү көмүр жөнүндө жана ага жол берген мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин бүгүн Жогорку Кеңеш карап талкууга алмакчы.

Бүгүн ошондой эле Чернобыль союзу” бирикмесинин майыптары жана ветерандары өлкөгө алынып келинген радиоактивдүү көмүрдүн кесепети жөнүндө коомчулукка билдирүү менен кайрылган жатышат.

“Таза табият” уюмунун активисттери Бишкек ТЭЦине Казакстандан алынып келинген көмүр радиоактивдүү экенин өткөн жылы эле таап чыгышкан. Мамлекеттик органдар текшерип көрүп ТЭЦте Кулан көмүр кенинен алынып келинген 8 миң тонна көмүр радиоактивдүү экенин аныкташкан. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, Кыргыз темир жолунун санитардык-эпидемиологиялык станциясынын жана бажы процедуралары бөлүмүн кызматкерлерин күнөөлөп, ишти сотко ашырган.

Энергетиктер радиоактивдүү көмүр Казакстандагы компаниялар кайра жүктөп алып кете турганын билдиришкен, бирко бул аткарыла элек. Ал ортодо “Таза табигат” уюму иликтөөсүн улантып, радиоактивдүү көмүр дагы он төрт мектепте, бир бала бакчада жана карылар үйүндө бар экенин билдирип чыккан. Азыркы учурда ошол радиоктивдүү көмүрдү жүктөп алып чыгуу жана тийиштүү адамдардын жоопкерчилигин кароо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.