bbc.co.uk navigation

Бакиев Белорусия жарандыгын алдыбы?

Соңку жаңыланышы: 8-февраль, 2012 - 15:01 GMT

Курманбек Бакиев

Белорусиянын “Белапан” деген кабар агенттиги Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Белорусия атуулдугун алганын билдирүүдө.

Агенттиктин маалымдашынча, Бакиев 2010-жылдын август айында атуулдук алып, баш калаа Минскиден үй сатып алган.

Курманбек Бакив 2010-жылдын 7-апрель окуяларына кийин Белорусияга баш калкалап кеткен эле. Буга чейин Белорусия экс-президент Курманбек Бакиевди жана анын иниси менен баласы Жаныбек Бакиевди, Марат Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартканы Кыргызстандын Башкы прокурору Аида Салянова билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстан эки жолу кайрылганына карабастан, Белорусия Бакиевди өткөрүп берүүдөн баш тартып, Бакиевдер Кыргызстанда саясий куугунтукка алынып жатканы үчүн өткөрүлүп берилбейт деген жооп болгон экен.

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.