bbc.co.uk navigation

Адвокатты ким сабады?

Соңку жаңыланышы: 7-февраль, 2012 - 11:53 GMT

Кыргызстандын Жогорку Соту Ош окуялары боюнча өтүп жаткан сот жараяны учурунда айыпталып жаткандардын адвокаты ур-токмокко алынганы тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

Ушул жылдын 2-фералында Ош шаардык соту эки кишинин үстүнөн соттук териштирүү баштаган. Айыпталгандардын бирине мыкаачылык менен адам өлтүрүү, баш-аламандыктарга катышуу жанан мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн деген айыптар тагылып, экинчи кишиге кылмышты жаап-жашырган деген беренелер боюнча териштирүү болгон.

Бул сот жараянына айыпталуучулардын адвокаты катары катышкан Татьяна Томина ушул жылдын 3-фералында укук коргоо органдарына арыз берип, сот отурумунан кийин жабыркагандардын жакындары ага кол көтөргөнүн, улуттук негизде аны басмырлашкан айткан эле.

-Айрым маалымат ккаржататры адвокат сот жараяны учурунда ур-токмокко алынганын да жазып чыгышкан. Бул чындыкка дал келбейт-деп билдирди Жогорку Соттун басма-сөз катчысы Бакыт Рысалиев.

Ош окуялары боюнча соттук жараяндарды чагылдырууда көп учурда журналисттер фактыларга таянбастан, чыныдыкка дал келбеген маалыматтарды таркатууда-дейт Жогорку сот өкүлү.

Адвокат Татьяна Томина улуттук маанайдагы басмырлоого дуушар болгонун айтып даттанган эле. Мындай дооматтар Ош окуялары боюнча өткөрүлүп жаткан сот жараяндарында бир нече ирет айтылды. Кыргыз бийликтери соттогу коопсуздук камсыздоо убадасын берип, бир катар сот иштери катуу көзөмөлдөнгөн абалда өткөн эле.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.