Кумтөр Оперейтинг компаниясы кенде мөөнөтсүз иш таштаган кызматкерлеринин үстүнөн сотко арыз берди. Компания бул иш таштоолорду мыйзамсыз деп билдирүүдө. Күмтөр кениндеги жумушчулар бийик тоо коэффициенти боюнча айлыктын үстүнө кошулган 60 пайыздык төлөмдөн социалдык фондого чегерүүлөрдү компания жумушчулардын эсебинен жүрүгүзүп жатат деп нааразы болушууда.
Кеспитик кошуундун маалыматы боюнча иш таштагандардын саны 1400 киши деп айтылууда. Бирок кенде өндүрүш толугу менен токтоп турат.
-Иш таштоо болсо мөөнөтсүз-деп билдирди Республикалык кесиптик кошуундун тоо-металлургия комитетинин башчысы Элдар Тажыбаев.
Анын айтымында, кенчилердин иш таштоосуна бийик тоолуу шартта иштегени үчүн айлыгына кошулган 60%дык төлөмдөн социалдык чегерүүлөрдү компания өз эсебинен жүргүзбөстөн, жумушчулардан кармап жатканы себеп болууда.
Кумтөртөрдүн жетекчилиги бул дооматтар менен макул эместигин айтууда.
2010-2011-жылдары компания бийик тоо коэффициенти боюнча социалдык чегерүүлөрдү компания өз эсебинен жүргүзүп келген, мындан ары болсо бул толөмдөр жумушчулар өздөрү төлөш керек болот-дейт Кумтөрдүн коомчулук менен байланыш бөлүмүннүн жетекчиси Сергей Дедюхин.
-Жумушчулар социалдык фондо бийик тоо коффценти боюнча төлөмдөрдү эске алуу менен баардык айлык акыныны эсебинен социалдык чегерүүлөрдү жүргузүшү керек деген эскертүү алышкан. Мындай өзгөртүүнү соцфонд 2011-жылы киргизген экен. Социалдык фонддуун талабы менен компания 2010-2011-жылдар үчүн бул чегерүүлөрдү толук жургүзгөн.
Ал эми жумушчулар иш таштоодо эмгек кодексинде көрсөтүлгөн шарттарды так аткарган эмес. Мындан улам компания жумушчулардын үстүнөн сотко арыз берди дейт Дедюхин.
-Иш таштоону уюштуруу өлкөнүн эмгек кодексинде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жургүзүлгөн жок. Мындан улам биз иш таштоону мыйзамсыз деп таануу боюнча сотко кайрылдык. Бирок албетте биз жумушчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Ал эми кендеги өндүрүш канчан калыбына келээри жумушчулдардын мындан аркы кадамдарына жараша болот.
Кумтөр дүйнөдөгү ири кендердин бири. Кумтөрдөгү кен казуу иштерин канадалык компания жүргүзүп келет. Компания жылы жарым миллион унций алтын казып алат. Ал эми Кыргызстан казылган алтынды эмес андан түшкөн пайданы болүшөт. Кен казган компанияга карата кыргыз коомчулугунда ар түрдүү дооматтар бар. Экомикалык, экологиялык талаптар тышкары, кенде иштеген жергиликтүу жумушчулардын айлыгын көтөрүү маселеси дагы маал-маалы менен айытылып жүрөт.










