
Генерал Артур Медетбеков
Кыргызтандын абак жайларында ачкачылык уланууда. Жаза аткаруу башкармалыгы оозун тигип алган айыпталуучулардын 50гө жакыны нааразылык аракетин ткототконун кабарлады. Бирок дале болсо миңден ашуун айыпталуучулар ачкачылык акциясын улантып, ооздорун тигип алып олтурушканы кабарланууда.
Бүгүн ачкачылык акциясына Жалал-Абаттагы абактарда олтургандар арасында да кошулгандар болгон. Парламент абактагы кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрдү. Кыргызстандын абактарында шарттарды жакшыртуу зарылдыгы айтылып жатат. Ошол эле кезде абактагы тартипти күчөтүү чараларын аягына чейин чыгаруу керектиги туралуу билдирүүлөр да таратылууда.
Кыргызстанда Жазаларды аткаруу башкармасынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковго бир катар генералдар колдоо билдиришти. Алар абактагы тартипти күчөтүү чараларын аягына чейин чыгаруу керектигин белгилешүүдө. Бул боюнча Би-Би-Синин Бишкек студиясында генерал Артур Медетбеков маек курду.
-Бир катар генералдар азыркы Кыргызстандагы абактардагы жагдайга байланыштуу Жазаларды аткаруу башкармалыгынын жетекчисин колдоого алган билдирүү тараткан экен. Бул позиция эмнеге негизделген?
-Жаза аткаруу башкармалыгы союз ыдырагандан бери абдан чоң реформаны талап кылып келгенин биз баарыбыз билебиз. Абактагылардын жашаган жери, шарттары, медициналык тейлөөсү начар абалда болуп келген. Кээ бир түрмө кызматкерлери да абактагылардын түшүнүгү менен жашап, коррупция, уюшкан кылмыштуулук абдан өөрчүгөн. Жаңы келгенде Байзаков Жаза аткаруу кызматында реформаны баштоого аракет кылып, жаңы кызматкерлерди алып келгенде мурдагылары менен карама-каршылык пайда болду. Ошол эле кезде өз мыйзамы менен жашаган ошол жердеги уюшкан кылмыштуу топтор ачкачылык жарыялап алар да каршылыгын көрсөтүп былтыр дагы бир топ ызы-чуу болгон. Ага өкмөт тарабынан анча көңүл бурулган эмес. 1-СИЗОдо олтургандардын иши сотко жете элек, шектүү катары олтургандары да бар. Эми аларга да коркутуу аркылуу ушундай кадамга барууга түртүп жатышат деп айта турган шарт түзүлүп калган абакта.

Жаза аткаруу башкармалыгы оозун тигип алган айыпталуучулардын 50гө жакыны нааразылык аракетин ткототконун кабарлады. Бирок дале болсо миңден ашуун айыпталуучулар ачкачылык акциясын улантып, ооздорун тигип алып олтурушканы кабарланууда.
-Абакта жаткандардын бизге каршы күч колдонууну токтотсун, жашоо-шарттарыбызды оңдосун деген талаптары жөндүүбү?
-Ачыгын айтыш керек 16-17-январда тинтүү жүргүзүшкөндө каршы чыккан абактагылардын айрымдары жаракат алып калышкан. Бирок бул дүйнөнүн бардык өлкөсүндө болот. Анан жашоо-шартына келсек, чыны менен абактагылардын абалы, шарты, медициналык кароосу абдан начар. Азыр экономикалык оош-кыйыштар болуп жатканы белгилүү да. Кандай болгон күндө да алар мыйзам чегинде, соттун өкүмү менен жазасын тартып жаткандан кийин алар дагы мыйзамга баш ийүүсү керек.
-Абактагылардын Жаза аткаруу мекме башчысын кызматтан кетсин деп талап койгонун кандай баалайсыз?
-Өздөрү жаза тартып атып мындай саясый талапты койгонго алардын укугу жок. Бул саясый талап. Бул болсун, бул болбосун деп өкмөткө, мамлекет башчыларына талап коюуп, жетекчилерди мажбурлай турган болсо анда мамлекеттин кыйроо коркунучу жаралат.
-Ушундан улам кылмыш анабашылары менен мамлекет тирешүүдө деген пикирлер айтылып жатат. Ошоол абактагы ачкачылык жарыялаган миңдеген кишилердин пикирлери кантип эле кынтыксыз окшош болсун. Буларды зордоп ооздорун тигип, мажбурлап жатышат деп да айтылып жатпайбы. Түз айтканда бул ачкачылык акциясы кимге керек?
-Ачкачылык жарыялагандын баары эле мамлекетке каршы кадамдарга барат деп айтуудан алысмын. Айласыздан, ар кандай жолдор менен тартылып калгандар болушу мүмкүн. Эң негизгиси криминалдык топтор уюштурганы бул көрүнүш бүт өлкөдө уюшкандык менен жайылганынан көрүнүп калды. Булардын артында сыртта жүргөн күчтөр, өздөрүнүнүн мүнөзүн көрсөтүш үчүн кылып жатышат.
-Абактагылардын айрымдарын ушул мажбурлап ооздорун тигип алганы айтылып жатпайбы. Бул эми жан кейитээрлик көрүнүш го. Буга тез чара көрүш керек деп эсептейсизби?
-Бул жерде Жаза аткаруу кызматкерлеринин айрымдары криминалдык иштер менен шугулданып кеткен. Өткөндө айтылбадыбы баңгизат, курал, кол телефон табылды деп. Ошолордун баары ошондой кызматкерлердин аракети менен кирди. Анан абактагылардын баар өз эрки менен оозун тигип алды деп айтуудан алысмын. Алар мажбурланып калган жагдайлар болушу мүмкүн, түрмөнүн өзүнүн мыйзамдары менен жашагандар болушу мүмкүн. Жаза тарткандардын көпчүлүгү жаштар болуп, биринчи жолу отуруп калгандар бар. Анча татаал эмес кылмыш боюнча түшүп калгандар бар. Ошон үчүн жаза кодексине өзгөртүү киргизип, ар кандай жолдорун сунушташ керек. Маселен, айып төлөө, кара күч жумушуна чегерүү дегендей. Антпесе көпчүлүк абакка баргандан кийин тескери жакка көбүрөөк ооп кетип жатат.









