Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦине Казакстандан келген радиоактивдүү көмүр боюнча кылмыш ишин иликтеп бүтүп, сотко жиберди. Тергөө жыйынтыгы боюнча Кыргыз темир жолунун санитардык-эпидемиологиялык станциясынын жана бажы процедуралары бөлүмүн кызматкерлерине радиоактивдүү материалдарга мыйзамсыз мамиле кылуу, шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча айып тагылууда.
Казакстандан апкелинген көмүр радиоактивдүү экени өткөн жылы ноябрда билинген. Алгач бейөкмөт уюмдар муну билип калып, андан кийин парламенттеги Ата Мекен фракциясы чуу салган. Ошондон кийин текшерип көргөндө көмүрдүн радиоактивдүү экени аныкталып, анын Казакстандагы Кулан көмүр кенинен келгени белгилүү болгон.
Электр станциялары мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аман Тентиев Кулан кениндеги көмүр арзан болгондуктан, Кыргызстанга алты жылдан бери алынып келинип жатканын мурда билдирген.
Көрсө, анын бир тоннасынын баасы миң сом турат экен, ал эми Кыргызстандын өзүнөн чыккан көмүр азыркы учурда 3-4 миң сомго барат.








