Электр кубатын керектөө рекорддук көрсөткүчкө чыкты

Соңку жаңыланышы: 24-январь, 2012 - 09:13 GMT

Кыргызстанда сууктун катуулугунан электр кубатын керектөөнүн көлөмү рекоррдук чекке жетти. Сонку суткаларда бүтүн өлкө боюнча электр кубаты керектөөнун көлөмү 65-67 млн киловаттка чыкты. Керектөөнүн көбөйгөн көлөмүн көтөрө албай эскирген электр жабдуулары иштен чыгып, авариялык өчүрүүлөр көбөйүп, эл ичинде нааразылык болууда.

Электр жарыгы тез-тез өчүп жатканынан улам кыйналып жаткан көп адамдар Би-Би-Си менен байланышып, нааразы ой-пикирлерин билдирүүдө.

Бир жумадан бери Кыргызстанда кырк жылдан бери боло элек суук болуп жатат. Тоолуу аймактарда сууктун күчү – 50 градуска чыгууда. Бишкекте -25, анын айланасындагы аймакта -30 градус сук болууда. Элдин баары арзанына карап электр менен үйлөрдү жылытууга өтүп, керектөөнүн көлөмү кескин көтөрүлдү.

“Бишкекте 15 млн 326 киловаттан аштык. Буга чейин буга жетчү эмеспиз. Бул деген пик. Бирок суук боло берсе мындан деле көтөрүлөбүз го”,-деди “Түндүк электро” ишканасынын техникалык инспектору Манапбаев Улан.

Эскирген электр жабдуулары көбөйгөн жүктү көтөрө албай, трансформаторлор бат-бат бузулууда. Бишкек шаарында эле күнүгө кырктан ашык авария болууда. Ошондуктан электр жарыгын авариялык өчүрүүлөр болуп жатканы айтылууда.

Энергетика министрлиги ушул жылы электр жабдууларын жаңылоого эки миллиард сом таап жумшаарын билдирүүдө. Бирок бул каражат энергетиканын эскилиги жеткен жабдууларын жаңыртканга жетпейт, дагы милиларддаган каражат керек.

Акча табыш үчүн же тарифтерди көбөйтүү керек же сырттан жардам издөө керек. Тарифтерди көбөйтүү опурталдуу жол, 2010-жылы электр акысын көбөйтүүнүн аягы массалык нааразылыкка айланып, бийликтин кулашы менен бүткөн. Ошондуктан экинчи эле жол калат окшойт.

Тектеш темалар

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.