Жаза аткаруу башкармалыгында жетекчилер алмашууда

Соңку жаңыланышы: 24-январь, 2012 - 13:42 GMT

Абак жайда отургандардын туугандары нааразы болуп Жогорку Кеңештин алдына чыгышты.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын жетекчи орун басарлары алмашты. Бирок бул өзгөрүүлөр абак жайлардагы кырдаалга байланыштуу экени айтылбайт. Бүгүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кол койгон буйрукта кадрдык алмашуулар кайра уюштурууга байланыштуу болгону айтылат.

Ал ортодо абак жайларда ачкачылык акциясы уланып жатат. Акыйкатчынын айтымында ачкачылык жарыялагандардын саны үч миңден ашып, алардын 600дөн ашууну оозун тигип алышкан.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгын өкүлдөрү болсо булардын айрымдарын абак ичиндеги таасирлүү айыпталуучулар күчтөп оозун тигип жатканын айтып жатышат.

Расмийлердин маалыматы боюнча абак жайларында ачкачылык жарыялагандар аларды кармоо шартын жакшыртуу, камераларды ачык коюу, жаза аткаруу башкы башкармалыгын башчысын кызматтан алуу талабын коюп жатышат.

Бүгүн болсо отставкадагы генералдар билдирүү жасап, айыпталуучулардын талаптарын аткарууга болбосун айтып чыгышты. Алар эгер бийликтер абактагылардын айтканы менен башкы түрмөчүнү кызматтан алса, Кыргызстандын эмки президенти “мыйзамдагы ууру” болуп калышы мүмкүн деп эскертишүүдө.

Кырызстандын абак жайларындагы ачкачылык акциясы башталганына бир жума болуп калды. Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги биринчи тергөө абагында камераларды тинтип, тартипти күчөтүү операциясын өткөргөн. Опреация маалында жаңжал чыгып, бир катары түрмо кызматкерлери менен айыпталуучулар жарат алган эле.

Ошондон кийин өлкөдөгү абак жайлардын көбүндө ачкачылык акциясы башталган. Жаза аткаруу башкы башкармалыгы айыпталуучулардын койгон талаптары чектен ашканын айтып, муну мыйзам менен криминалдын тиреши деп сыпаттаган эле.

Тектеш темалар

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.