bbc.co.uk navigation

Лондонго Кыргызстандын 4 жолдомосу бар

Соңку жаңыланышы: 23-январь, 2012 - 10:01 GMT

XXX Лондон Олимп оюндарына катышуу үчүн жолдомону азырынча төрт гана кыргызстандык спортчу ута алды. Олимпиадалык оюндардын грек-рим, эркин күрөш, бокс, оор атлетика жана башка түрлөрүнөн кыргызстандыктар дүйнөлүк мелдешке жолдомо алаары азырынча арсар абалда турат.

Кыргызстан үчүн Лондон Олимпиадасына алгачкы жолдомону жеңил атлетчи Юлия Архипова утуп берди. Ал АКШнын Лос-Анджелес шаарында өткөн Эл аралык мелдеште марафондук чуркоо боюнча 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 33 минутада чуркап өтүп жолдомо утуп алган.

Дзюдо күрөшүнүн чебери Чынгыз Мамедов Кыргызстанга экинчи жолдомону утуп берди. Бул спортчу 90 килограмм салмак боюнча кармашат.

2000-жылдан тарта Олимпиада оюндарынын катарына кирген Таэквондо спортунун өкүлү Расул Абдураим (+80) Таиландда өткөн мелдеште экинчи орунду камсыз кылып Лондон олимиадасына катышуу укугун алган. Р.Абдураим 2008-жылы Пекин олипиадасына да катышкан эле.

Мылтыктан ок атуу боюнча кыргызстандык спортчу Руслан Исмаилов Катарда (Доха) өткөн Азия чемпионатында ийгилик жаратып Лондонго жолдомо алды.

Кыргызстандык спорт жетекчилиги алдыда дагы 20га жакын жолдомо утуп алууга мумкүнчүлугү бар экенин айтып, үмүттөнүп турушат.

Пекин олимпиадасында чоң ийгиликке жетишкен кыргыз балбандары бул олимпиадага азырынча бир дагы жолдомо алышкан жок.

Ошол эле кезде Кыргызстандын кошуналары спорттун ар кайсы түрү боюнча Казакстан 40тан ашуун, Өзбекстан 29, ал эми Тажикстан 4 жолдомого ээ болгон.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.