Жалгыз уулу түрмөдө жаткан эненин тагдыры

Соңку жаңыланышы: 19-январь, 2012 - 10:21 GMT

Айтылуу Дордой базарынын айланасында атайын батирге берүүгө ылайыкталып салынган барак үйлөр көп. Ушундай бир бөлмөлүү батирлердин биринде Майрам апа келини жана үч жашар небереси менен жашайт. Анын жалгыз уулу дүйшөмбү күнү тополоң чыккан №1-СИЗОдо эки айдан бери кармалып турат.

Тополоңдон бери уулунан кабар ала албаган Майрам апа

“Телевизордон көрдүк тополоң башталды деп, угаарым менен бардым, баары тынч деп коюшат. Бирок, баламдан эч кабар ала элекмин, телефон менен да сүйлөшө албай калдык. Ичте эмне болуп жатканын билбейм” – дейт Майрам апа.

Отуздан жаңы ашкан Бакыт баңги заты менен кармалган. Келинчегинин айтымында, кимдир бирөөлөрдүн кара өзгөйлүгү менен гана торго түшүп калган:

"Милиция алып кеткен бойдон күйөөмдү көрө элекмин"...

-“Эртең менен тур элек болчубуз, эшик тыкылдаганынан ачсам он чакты милиция кирип келип, күйөөмдү ур-токмокко алышты. Кичинекей кызымдын, өзүмдүн эсим чыгып калды. Анан аны эшке алып чыгып жаткызып коюшту да үйдү тинтип киришти. Бурчта турган коробкадан бирдеме таап чыгып, баңги таптык деп көрсөтүштү. Бирок, анын эмне экенин да билбейбиз, буга чейин көргөн да эмеспиз. Ошол алып кеткен бойдон күйөөмдү көрө элекмин”.

Апасы уулунун ак экенине терең ишенет. Бирок, акталып кетишине күмөнү чоң. Уулу менен акыркы жолу сүйлөшкөндө кыйноого чыдабай күнөөсүн моюнга алууга аргасыз болгонун айтып берген экен.

Эки айдан бери ысык тамакка зар болгон үй-бүлө

Ар кандай биржаларга чыгып акча таап келе турган үйдүн кожоюну түрмөгө түшкөндөн бери бул үй-бүлө ысык тамак иче элек экен. Коңшу-колоң, туугандардын жардамы менен өлбөстүн күнүн көрүп келет.

Үч жашар наристе ачкалыкка чыдабагандыктан, аны туугандарына берип жиберип, кайнене-келин суук бир бөлмөдө жакшылыктан үмүт үзбөй отурат. Бакыттын келинчеги да жетим өскөн кыз болгондуктан эресеге жеткени паспорт албаптыр. Эми болсо күйөөсүнө кирип кезиге албай, түрмөнүн эшигине чейин барып, кирип чыккандардан кабар күтүп калганын айтып көзүнө жаш алды. Кичинекей кызы паспорту бар туугандары менен кошо кирип, атасын көрүп чыккан экен.

Атасын сагынган Аймээрим

“Кызды алып кирсек аябай сагыныптыр, сен эмне бул жерде отурасын, жүр биз менен кеттик деди. Атасы азыр бара албайм деп кыйылды” – дейт Бакыттын кайнежеси.

Бакыттын мүнөзүн жакшы билген коңшу-колоңдору да мындай иш болуп кеткенине аң-таң. Анын үстүнө анын психикалык саламаттыгы да начар экенин айтат апасы. Баңги сатууга акылы жетпейт эле деп какшайт эне. Кандай болбосун акыркы сөздү сот айтмакчы. Бул иши боюнча сот иши 23-январга белгиленген.

Тектеш темалар

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.