bbc.co.uk navigation

Олимпиаданын тарыхындагы кыргыз спортчулары

Соңку жаңыланышы: 16-январь, 2012 - 16:36 GMT
Ат оюндары

Ат оюндары

1992-жылы Барселона олимпиадасында СССРдин курамында болуп келген мамлекеттер КМШ курамасы деген ат менен бирдиктүү команда катары катышкан. Кыргызстан андан кийинки учурларда Азия жана дүйнө чемпионаттарына, олимпиада оюндарына өз бетинче катышып келе жатат.

Олимпиаданын узак тархында кыргызстандыктардын орду кандай?

Кыргызстандык спортчулардан алгачкы олимпиадачы катары ат спорт чебери Сайботтал Мурсалимовду атаса болот.

Ал 1960-жылы Римде өткөн XVII жайкы олимпиадага катышып, кыргыз олимпиадалык кыймылына жол ачкан дейт иликтөөчүлөр. Сайботтал Мурсалимов 1964-жылкы Токио олимпиадасына да катышкан.

Андан кийинки олимпиадалык оюндарда да кыргызстандыктардын ысымдары аталган. Жөө күлүктөр Леонид Иванов, Отто Барч, Вера Корсакова, Валентина Чичаева, суучул Ахмед Анарбаев олимпиада оюндарынын катышуучулары катары атын калтырышты. Бирок алар мелдештерде алгылыктуу ийгиликтерди камсыздай алышкан эмес.

Каныбек Осмоналиев

Каныбек Осмоналиев

1980-жылы Москвада өткөн XXII жайкы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык оор атлетчи Каныбек Осмоналиев Олимпиада Оюндарынын чемпиондугунжеңе алган. К.Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуп көтөрүүдө (рывок/snatch) 107,5 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө (толчок/clean and jerk) болсо 137,5 кг жүк көтөргөн. Жалпысынан 245 кг жүк көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан.

Ушул эле жылы СССР курамасында кыргызстандан барган мерген Александр Мелентьев, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, ат спортчусу Александр Блинов олимпиада чемпиондору аталышкан. Бардыгы болуп бул Олимпиадада кыргызстандыктар 5 алтын медаль жеңип алышкан.

Ушул эле Москва олимпиадасында 42 км.195 метр марафондук жарышында кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келип, коло байгенин ээси болгон. Сатымкул Жуманазаров 42 км 195 м аралыкты 2 саат 11 мин 16 секундада чуркап өткөн. Бул окуя советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында биринчи жолу 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алган учур катары катталган.

Жөө күлүктөр

Жөө күлүктөр

1988-жылкы Сеул олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Мария Кулчунова менен футболчу Сергей Фокин олимпиада чемпиондору аталган.

1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн XXV жайкы олимпиадада кыргызстандык гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова олимпиаданын туу чокусун багындырып, алтын меалды утуп алышкан.

1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн XXVI жайкы олимпиадага Кыргызстан эгемендүү өлкө катары биринчи жолу өз желеги астында ат салышкан.

2000-жылы Сиднейде өткөн XXVII жайкы олимпиадада дзю-до күрөшүнөн Айдың Смагулов аттуу кыргызстандык атлетчи Кыргызстанга коло байгени утуп берген.

Канат Бегалиев

Канат Бегалиев

Ал эми 2004-жыл Афинада өткөн жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстанлдык улуттук команда ийгиликсиз кайтышкан.

2008-жылдагы Пекин олимпиадасында Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээледи. Бул оюндарда кыргызстандык балбандар көрүнө алышты. Грек-рим күрөшүнөн 66 килограмм салмактагы Канатбек Бегалиев финалда француз балбаны Гуенот Стиф менен кармашып жеңилип калган. Бирок ал кыргызстанга күмүш байге алып келди.

Ушулэле олимпиада оюндарында Руслан Түмөнбаев 60 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча кубалык Роберто Мондозду 7:1 эсебинде жеңип, коло медалды багындырган. Бул окуялар кыргызстандын олимпиадалык тарыхындагы бурулуш катары саналган эле.

Руслан Түмөнбаев

Руслан Түмөнбаев, Пекин олимпиадасы, 2008-жыл

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети 1991-жылы түзүлгөн. Улуттук олимпиада комитети учурда отуздан ашуун спорт федерациянын башын бириктирип, Азия, олимпиада оюндарына Кыргызстандын командасын алып барган коомдук уюм болуп саналат.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.