Беларус экс-президент Курманбек Бакиевди жана анын иниси менен баласы Жаныбек Бакиевди, Марат Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Ал эми Улуу Британия Максим Бакиевди өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстандын өтүнүчүн карап жооп айта элек. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Башкы прокурору Аида Салянова билдирди.
Башкы прокурор Аида Салянова 17- октябрда Жогорку Кеңеште коопсуздук жана коргонуу комитетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө бир жыл мурдакы апрель, июнь окуялары боюнча айыпталып жаткан мурдагы мамлекет жетекчилери жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстан эки жолу кайрылганына карабастан, Беларус экс-президент К. Бакиевди, анын баласы Марат Бакиевди, иниси Жаныбек Бакиевди өткөрүп берүүдөн эки сапар тең баш тартты. Эки жолу тең Бакиевдер Кыргызстанда саясий куугунтукка алынып жатканы үчүн өткөрүлүп берилбейт деген жооп болгон.
Максим Бакиевди өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч Улуу Британияга, Түндүк Ирланияга жана Латвияга жиберилген. Аталган өлкөлөрдөн жооп алына элек.
Экс-президент Курманбек Бакиев жана анын иниси, эки баласы баары 2010-жылы Бишкекте президенттик сарайдын жанында болгон кан төгүү окуялары боюнча айыпталууда. Бир жыл мурда 7-апрелде Ак үйдү камалоо маалында каршылык акциясына чыккан 86 адам окко учуп өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон. Бакиевдер өлкөдөн тымызын жолдор менен чыгып качып кетишкен.









