Кыргызстандын бийликтери президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун буюртма өлүмүнө жооп берсин деген негизде экс-президент К. Бакиевди жана мурда күч органдарында жетекчи кызматтарда иштеген адамдарды суракка алган жатат.

Садыркуловдун күйгөн сөөгү табылган унаа
Президенттик администрациянын мурдагы башчысынын өлүмү үчүн экс-президент Курманбек Бакиев жооп берүүгө тийиш, - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев.
Анын айтымында, президент болуп туруп, мамлекеттеги төртүнчү адамды ким өлтүргөнүн ал билбей калышы мүмкүн эмес эле. Ал түгүл аны менен макулдашпай туруп администрациянын башчысын өлтүрүүгө барышмак эмес эле.
Бул саясий максаттагы киши өлтүрүү болгон, ошондуктан президент анын тергөөсүн көзөмөлгө алып, аягына чыгарышы керек эле, -деди М. Турганбаев.
"Президенттик администрациянын мурдагы башчысынын өлүмү үчүн экс-президент Курманбек Бакиев жооп берүүгө тийиш."
Мелис Турганбаев, ички иштер министринин орун басары
Экс-президентти өткөрүп берүүнү талап кылып Кыргызстан Беларус бийликтерине кайрылышы керектигин бүгүнкү жыйында парламент депутаттары да белгилешти.
ИИМ ошондой эле 14-сентябрда М. Садыркуловдун өлүмүнө катышы бар деген шек менен Тажикстанда төрт адам кармалганын билдирүүдө. Мелис Турганбаевдин маалыматы боюнча кармалгандардын бири- уюшкан кылмыштуу чөйрөнүн Ош облусундагы башчысы, Дженге атыккан Кадырбек Досонов. Ал издөөдө жүргөн, бир убакта араб эмираттарында, андан кийин Ооганстан аркылуу Тажикстанга өткөн.
Анын менен кошо депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө шектүү деп издөө жарыяланган Садыр Борбуев, Жумагулов Чыңгыз жана Шерали Аканов кармалды. Аларды Кыргызстанга өткөрүп берүү жөнүндө Тажикстандын Ички иштер министрлигине өтүнүч жөнөтүлдү.
ИИМдин маалыматы боюнча ошондой эле чуулгандуу киши өлтүрүү кылмышына шектүү деген адамдарды кармоо боюнча иштер Россияда жана Казакстанда жүргүзүлүп жатат.

Медет Садыркулов
П резиденттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов баш болгон үч адамдын өлүмүнө шектүү деп милиция буга чейин 17 адамды кармаган. Кармалгандардын ичинде Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замирбек Молдошев баш болгон күч органдарынын жетекчилери да бар.
Ички иштер министрлиги бул кылмышты Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныбек Бакиевдин буйругу боюнча күч органдары менен уюшкан кылмыштуу күчтөр биригип жасаган деп билдирүүдө.
" Жаныш Бакиев буйрутма берген жана уюштуруучу. Аткаруучулар - Анапияевдин тегерегиндеги кылмышкерлер, ал өзү баарын башкарып турган. Андан сырткары биздин кызматкерибиз Абдразаков Айбек жана Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери болгон ", -дейт и чки иштер министри Зарылбек Рысалиев
Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта Казакстандан кайтып келатканда түнкү саат экилерде жол сакчыларынын формасын кийген мамлекеттик күзөт кызматкерлери тосуп чыгып, алардын арасында ИИМдин кылмышты издөө башкармалыгынын башчысы Айбек Абдразаков да болгон, алар М. Садыркуловду коштогон кишилери менен кошо президенттик иш башкармасынын башчысы Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барып, кыйнап өлтүрүшкөн.
Алар кылмыштын изин жашыруу максатында аны жол кырсыгы катары көрсөтүп, капчыгайга алып барып май куюп автоунаасы менен кошо өрттөп жиберишкен. Ауди автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду кармап беришкен. Аны сот 12 жылга кесип, бирок ал 2010-жылы апрелде белгисиз жагдайда киши колдуу болуп өлгөн.









