BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт Басып чыгарылуучу нускасы
Жеке маалыматты сактоо тууралуу
 
 
Tөмөндөгү түшүндүрмө сизден алынган жеке маалыматты сактоо тууралуу саясатыбызды чечмелейт.

1 Ниеттин билдирилиши
2.Колдонуучулар тууралуу маалымат
3.Cookie деген эмне?
4.Өзү тууралуу жеке маалыматты жиберүү
5.Сиз тууралуу маалыматтар менен таанышуу
6.16 жаштагы жана андан жаш колдонуучулар
7.Cookie-деги Сиз жөнүндөгү маалыматтарды кантип таап, көзөмөлдөөгө болот?
8.Cookie кайсы сайттарда колдонуларын кантип билүүгө болот?
9.Сиздин сookie коддоруңузду кантип көрүүгө болот?

1. Ниеттин билдирилиши

Кээде, биздин интернет даректин кызматын колдонуу үчүн өзүңүз тууралуу ( аты-жөнүңүз, электрондук дарегиңиз ж.б.) маалымат сураган каттарды алышыңыз мүмкүн. Андай кызматтар жаңылыктардын топтому, мелдешүү, "Alert Email", түз сүйлөшүү, БиБиСиге мүчөлүккө катталуу ж.б. камтыйт.

Өзүңүз тууралуу маалыматтарды тандап алган тармакка берип жатып, БиБиСиге жана анын кызматын сунуштоочуларга Сизге кызмат кылууга мүмкүнчүлүк түзөсүз. Сиз берген маалыматтарга ушул саясатка жараша мамиле жасалат. Биздин кызматтар Сиз каалаган маалыматты берүүгө ылайыкташкан. Би-Би-Си азыркы мыйзам талаптарына ылайык аракеттенет жана учурдагы интернеттин эн мыкты тажрыйбасына таянууга умтулат.

2. Колдонуучулар жөнүндө маалымат

БиБиСи сайттарын колдонуу учурунда cookie деп аталган маалыматтардан сырткары Сиз ачкан бет автоматтык түрдө компьютериңизге жазылып (жүктөлүп) калат ( 3-пунктту караңыз). Интернет сайттардын көпчүлүгү ушундай режимде иштейт. Анткени, интернеттин ээси cookie аркылуу пайдалуу иштерди аткара алат, маселен, компьютер мурда интернетке кирди беле же жокпу деген суроого жооп табат.

Сookie маалыматтары Сизге көрсөтүлгөн кызматты жакшыртууга, колдонуучулардын профилин анализдөөгө көмөк берет. Маселен, мурдагы киришиңизде билим берүү жөнүндөгү баракты ачсаңыз, биз аны сookieден билип алып, ошол тармактагы маалыматтарды терендетебиз.

RedSheriff аттуу көз каранды эмес изилдөөчү компания cookie жана коддор аркылуу колдонуучулар тууралуу маалыматтарды биздин атыбыздан топтойт. Cookie жана коддор сайтка кирген колдонуучу тууралуу жеке мүнөздөгү эмес статистикалык маалыматтарды, колдонуучунун кайсы барактарды ачкандыгы сыяктуу жалпы маалыматтарды берет. БиБиСи бул сыяктуу жана башка cookie-лерден алынган маалыматтарды оз кызматын жакшыртуу үчүн колдонот.

Эгер сиз RedSheriff'-тин cookie-синен баш тартууну кааласаңыз 7-пункттагы инструкцияны караңыз. Кодду иштен чыгаруу үчүн privacy@redsheriff.com дарегине кат жөнөтүү жетиштүү. RedSheriff-тин прайвеси саясаты тууралуу билдирүүсүн http://www.redsheriff.com/6.0.0.htm. сайтынан таба аласыз.

3.Сookie деген эмне?

Сайтка киргенде сиздин комьпютер автоматтык түрдө cookie файлдарын пайда кылат. Сookie - бул сиздин компьюьерди биздин провайдерге тааныткан текст файлдары. Сookie жеке адамды таанытпастан, ал колдонгон компьютерди гана таанытат. Көптөгөн сайттар трафиктин агымын аныктоо максатында Сookie файлдарын колдонот.

Сookie файлдары ачылган сайттар тууралуу маалыматтарды гана сактап калат. Колдонуучулар компьютерин бардык Сookie файлдарын кабыл алууга, же ар бир Сookie жаздырылган сайын сурап турууга ылайыкташтырып кое алат. Албетте, Сookie файлдары чектелип калса, айрым сайттар ачылбашы ыктымал.

Эскертүү: Компьютериңизди Сookie файлдарынан баш тарткыдай абалга келтирбесеңиз да, БиБиСи интернет кызматтарына катталмайын Би-Би-Синин бардык сайттарын анонимдүү түрдө колдоно аласыз.

4. Жеке маалыматты колдонуу жана сактоо

БиБиСиге өзүңүз тууралуу маалымат берилгенде (мисалы, сынактарга катышуу, БиБиСинин мүчөлүгү ж.б.у.с.), ал маалыматка мамиле жасоодо биздин мыйзамдык милдеттерибиз бар . Биз маалыматтарды акыйкат чогултууга тийишпиз, алалы, кандайча колдонобуз жана башкаларга беребизби же бербейбизби – булар тууралуу так аныктама беребиз. Жалпысынан алганда, БиБиСиге Сиз жактан берилген бардык маалыматтар БиБиСинин ичинде жана ага кызмат көрсөткөн провайдер тарабынан гана колдонулат. Мыйзам милдеттендирмейин же жеке өзүңүздөн уруксат алынмайын Би-Би-Си маалыматты башка эч кимге бербейт. Эгер сиз тарабынан бирөөлөрдүн намысына шек келтирген, же мазактаган, ошондой эле БиБиСи кызматтарына залал келтирген кат-абар жиберилсе, анда ошол аракеттерди токтотуу максатында БиБиСи өзундөгү маалыматты колдонот. Маселен, Сиз иштеген же окуган жерди, интернет кызматын көрсөткөн провайдерди Сиздин жүрүм турум тууралуу маалымдайт.

Сиз тууралуу маалыматтарды сиз талап кылган кызмат колдонулган убакыттын ичинде же сиздин БиБиСи кызматтарына мүчөлүк убактыңыз бүткөнгө чейин өз системабызда сактайбыз. Ал эми БиБиСи менен болгон байланыш учурундагы каттардын тексти коопсуздук максатында алты ай убакытка сакталат. Каттоодон өтпөгөн колдонуучулар тууралуу маалыматтар алар биздин кызматтан пайдаланбай калганга чейин гана сакталат. Бардык жеке маалыматтарды сактоо маалыматтарды сактоо жөнүндөгү 1998-жылкы Актыга ылайык жүргузүлмөкчү.

Эгер Сизге БиБиСи сайтынан кат келсе, анда ал байланыш бир нече максат үчүн жүргүзүлөт. Айтсак, биз Сизге парольду эскертүү же сизге тиешелүү кызмат башка бирөөлөр тарабынан колдонууга аракет кылынгандыгы тууралуу кабардар кылуу максатында кат жиберишибиз мүмкүн. Эч качан Сиз жазылбаган кызматтарды рекламалоо максатында кат жибербейбиз.

5. Сиз жөнүндөгү маалымат менен таанышуу

БиБиСинин колундагы сиз тууралуу жеке маалыматтын көчүрмөсүн талап кылууга жана андагы калпыстыктарды оңдоону өтүнүүгө акыңыз бар. (Бул маалыматтын баасы £10 фунт стерлинг турат.) Суроо-талапты Маалыматтарды сактоо Кызматына жөнөтүңүз: Data Protection Officer, BBC Regulatory Legal Department, Room 3637, White City, London W12 7TS (Email: dpa.officer@bbc.co.uk).

6. 16 жаштагы жана андан төмөнкү курактагы колдонуучулар

Эгер Сиз 16да же андан жаш болсоңуз, анда БиБиСинин сайттарына ата-энеңиздин уруксаты менен жазылышыңыз керек. Антпегенде, бул курактагы колдонуучулар жөнүндөгү маалыматтарды каттоого укугубуз жок.

7. Сookie маалыматтарын кантип таап жана көзөмөлдөөгө болот?

Компьютердик программалардын көбү англис тилинде болгондуктан төмөндөгү англис тилиндеги инструкцияларды караңыз:

If you're using Netscape 6.0:
On your Task Bar, click:
1. Edit, then
2. Preferences
3. Click on Advanced
4. Click on Cookies

If you're using Internet Explorer 6.0:
1. Choose Tools, then
2. Internet Options
3. Click the Privacy Tab
4. Click on Custom Level
5. Click on the 'Advanced' button
6. Check the 'override automatic cookie handing' box and select Accept, Block or Prompt for action as appropriate.

If you're using Internet Explorer 5.0 or 5.5:
1. Choose Tools, then
2. Internet Options
3. Click the Security tab
4. Click on Custom Level
5. Scroll down to the sixth option to see how cookies are handled by IE5 and change to Accept, Disable, or Prompt for action as appropriate.

If you're using Internet Explorer 4.0:
1. Choose View, then
2. Internet Options
3. Click the Advanced tab
4. Scroll down to the yellow exclamation icon under Security and choose one of the three options to regulate your use of cookies.

In Internet Explorer 3.0:
You can View, Options, Advanced, then click on the button that says Warn before Accepting Cookies.

If you're using Netscape Communicator 4.0:
On your Task Bar, click:
1. Edit, then
2. Preferences
3. Click on Advanced
4. Set your options in the box that says Cookies.
[Top]

8.Cookies кайсы сайттарда колдонулаарын кантип билсе болот?

Төмөндөгү инструкцияларды караңыз:

If you're using Netscape 6.0:
On your Task Bar, click:
1. Edit, then
2. Preferences
3. Click on Advanced
4. Click on Cookies
5. Click the View Cookies button

If you're using Internet Explorer 5.0 or 6.0:
1. Choose Tools, then
2. Internet Options
3. Click the General tab
4. Click Settings
5. View Files

If you're using Internet Explorer 4.0:
On your Task Bar, click:
1. View, then
2. Internet Options
3. Under the tab General (the default tab) click
4. Settings
5. View Files.

Internet Explorer 3.0:
On your Task Bar, click:
1. View
2. Options
3. Advanced
4. View Files.

Netscape Communicator 4.0:
Netscape bundles all cookies into one file on your hard drive. You'll need to find the file, which it calls Cookie.txt on Windows machines. [Top]

9. Сookie коддорун кантип көрүүгө болот

Just click on a cookie to open it. You'll see a short string of text and numbers. The numbers are your identification card, which can only be seen by the server that gave you the cookie. [Top]

Ал файлдарды ачуу үчүн cookie дегенге басыңыз. Тексттердин жана номурлардын тизмесин көрөсүз. Windows машиналарынан Cookie.txt дегенди табышыңыз керек.

British Broadcasting Corporation © 2001-2002
Broadcasting House,
Portland Place,
London,
W1A 1AA

 
 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат