|
Биз жөнүндө | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Адегенде он беш мүнөттүк форматтан башталган кыргыз тилиндеги берүүлөр кийин жарым сааттык форматта чыга баштаган. БиБиСинин кыргыз берүүлөрүн Кыргызстанда жана коңшулаш өлкөлөрдө угууга болот. Биздин берүүлөр Кыргызстандын өзүндө эң көп угулган чет элдик программалардын биринен саналат. Андан сырткары коңшулаш Кытай менен Өзбекстандын кыргыздар жыш жашаган аймактарында угуучуларыбыздын саны артууда. БиБиСинин кыргыз программаларын Лондондон обого алып чыккан продюсерлер Арслан Капай уулу, Акчолпон Койчиева жана Гүлнара Касмамбетова. Бишкекте жана Кыргызстандын башка калааларында жайгашкан биздин кабарчыларыбыздын тобу (Султан Жумагулов, Кубат Чекиров ж.б.) жергиликтүү окуяларга кылдат байкоо салып, учурунда камтып турушат. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||