bbc.co.uk navigation

Маалымат жыйынындагы мушташ

Соңку жаңыланышы: 20-февраль, 2012 - 16:03 GMT

Дерек Чисора менен Дэвид Хэй

Британиялык мушкерлер Дерек Чисора менен Дэвид Хэйдин Мюнхенде журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында мушташа кеткени коомчулукта катуу сын пикирлерди жаратты. Британиялык боксту көзөмөлдөө кеңешинин башкы секратары Роберт Смит эми бул эки мушкерди өмүр боюу дисквалификациялоо коркунучу күтүп турганын билдирди.

Смит Би-Би-Сиге берген интервьюсунда “уюм айып акча төлөтүп, бокстан убактылуу чететет. Болбосо мушкер болууга берилген лицензиясын алып койушу” мүмкүн деп айтты.

Чисоранын Кличконун улуусу менен болоор бетешүү алдында да Виталийди колунун шапалагы менен жакка чапкылаганы дагы Британиялык боксту көзөмөлдөө кеңеши тарабынан каралып, анан жүрүм-турумуна баа берилиши күтүлүп жатат

Хэй менен Чисора Германиянын Мюнхен шаарында журналисттердин көз алдында мушташа кеткен. Бул WBCтин оор салмактагы чемпиондугу үчүн Чисора украиналык Виталий Кличкого жеңилип калгандан кийинки маалымат жыйыны болчу.

Британдык эки мушкер сөз менен кайым айтышып, андан соң видео камераларды ала-салдыра бири-бирине жулкунуп, салгылаша кеткен.

Ал эми Чисоранын Кличконун улуусу менен болоор бетешүү алдында да Виталийди колунун шапалагы менен жакка чапкылаганы дагы Британиялык боксту көзөмөлдөө кеңеши тарабынан каралып, анан жүрүм-турумуна баа берилиши күтүлүп жатат.

Чисора бетешүүгө аз убакыт калганда дагы Кличконун бетине оозу менен суу бүркүп жиберген, ошондой эле Кличконун рингдеги бурчуна барып бир нече ирет жаман сөздөрдү айткан.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.