
Чалатоют абалдан аман-эсен чыгып, чоңойгон балдар деле зыян тартышат. Алар эч качан толук жетиле алышпайт.
Save the Children аттуу балдарды коргоо уюмунун билдиришинче, чала тоют балдардын маселесине көңүл бурулбаса, дүйнө боюнча жарым миллиард бала алдыдагы он беш жыл ичинде акыл эси кем жана жөндөмсүз болуп калышы ыктымал.
Уюм өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө азык-түлүк бааларынын жогорулашы жана маселени чечүүгө саясий эрктин жетишпей жатканынан улам, ар бир үч баланын бирөө көз жумган абалдан чыкпай жатабыз деп эсептейт.
Өнүгүп келе жаткан беш өлкөдө жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө көптөгөн үй-бүлөлөр балдарын тоюндура албай жатканы белгилүү болгон.
Save the Children уюму, айрыкча, эки жашка чейинки балдар шашылыш жардамга муктаж болуп турганын айтууда. Уюм Британ өкмөтүн чалатоют маселеси боюнча дүйнөлүк саммит өткөрүүгө чакырган.
Анда жетиштүү деңгээлде тамактанбаган балдардын дал ушул эки жашка чейинкилеринин акыл-эсине жана дене түзүлүшүнө зак кетиши ыктымал деп баса белгиленген. Save the Children уюмунун Индиядагы өкүлү Ширин Миллер өкмөттөрдү бул маселеге шашылыш түрдө көңүл бурууга үндөөдө.
"Чала тоют абалдан аман-эсен чыгып, чоңойгон балдар деле зыян тартышат. Алар эч качан толук жетиле алышпайт. Бул дене түзүлүшү жагынан болобу, жөндөмдүүлүгүнөн болобу - байкалат. Алар өмүр бою кодо бойлуу, же акыл-эси кем болуп калышы ыктымал", - деди Ширин Миллер.
Билдирүү Индия, Нигерия, Пакистан, Бангладеш жана Перу сыяктуу бир катар өлкөлөрдөгү жашоочуларды сурамжылоо негизинде даярдалган. Бул өлкөлөрдө дүйнөдөгү чалатоют балдардын 50%ы жашайт деп божомолдонот.
Индияда сурамжылоого алынгандардын теңинен көбү алардын негизги көйгөйү азык-түлүк бааларынын жогорулаганы экенин айтышкан. Ал эми Бангладеште ар бир он кишинин сегизи балдары чала тоют экенин көрсөтүшкөн. Үй-бүлөлөрдүн көбү эт, сүт же жашылча-жемиш сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын белгилешкен.
Айрымдар тамак табуу үчүн балдары мектептен качып, жумуш кылып, аларга жардамдашып жатканын айтышкан. Балдардын чала тоютуна алып келген көйгөйлөрдүн калгандарына - байытылган азык-түлүктүн жетишсиздиги, баланы эртелей эмчектен калтыруу жана эл аралык коомчулук бул абалдан чыгууга тийииштүү деңгээлде көңүл бурбай жатканы сыяктуу маселелер келтирилген.









