bbc.co.uk navigation

Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө

Соңку жаңыланышы: 14-февраль, 2012 - 14:17 GMT

Валентин күнүнүн коммерциялык арышы кеңейип, майда белектер менен гүлдөрдүн сатылышы кирешелүү болуп калган

Бүгүн дүйнөнүн бир катар аймактарында Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө. бирок бул майрам жаштар арасында бир топ жыйылганына карабастан Өзбекстанда тыюу салынды. Маданиятыбызга, дилибизге жат болгон чет элдик майрамдын ордуна Өзбекстандык жаштар 14-февраль күнү Могул императору Бабурдун туулган күнүн белгилеши керек дейт өзбек бийликтери.

Бабурдун туулган күнү адабий фестиваль түрүндө, поэзия менен коштолуп майрамдалышы керек деп көрсөтүлүүдө. Өзбек атуулдарынын бул боюнча көз караштары эки ача.

Бир бөлүгү улуу атабыз болгон Бабурдун туулган күнү биз үчүн артык болуш керек десе, башкалары Өзбек бийликтеринин Батышчыл деген көрүнүштөргө бир кылка мамиле жасабаганын белгилешет.

Маданиятыбызга, дилибизге жат болгон чет элдик майрамдын ордуна Өзбекстандык жаштар 14-февраль күнү Могул императору Бабурдун туулган күнүн белгилеши керек дейт өзбек бийликтери.

Анткени сүйүшкөндөрдүн Валентин күнүн белгилөөгө батыштын майрамы деп тыюу салынганы менен президент Ислам Каримовдун кызы Гүльнара Каримова тарттырып жаткан музыкалык видеолорго көз жумуп коюшат, аларда жарым жылаңач жаштардын бийлегендери мейлиби дешет башкалары.

Ал эми Исламды бекем тутунган Афганистанда да жаштар бул күнү эки экиден көңүл ачууга умтулушат. Валентин күнүнүн коммерциялык арышы Афганистанда кеңейип, майда белектер менен гүлдөрдүн сатылышы кирешелүү болуп калган дейт кабарчылар.

Кыргызстанда ислам багытындагы диний өкүлдөр бул майрам мусулманчылыкка туура келбеген майрам экенин белгилеп келишсе, христиан дининин өкүлдөрү бул майрамдын алардын динине тиешеси жоктугун айтышат. Бирок, кайдан чыкканы талаш болгон бул майрамдын коммерциялык мааниси чоң. Жүздөгөн адамдар бул майрамды сүйүүсүн айтуудан мурда, кошумча киреше таап алуу үчүн чыдамсыздык менен күтүшөт.

Ыйык Валентин күнү Кыргызстанда быйыл жаңыча майрамдалып жатат. Жаштар уюмдары быйыл өз сүйүүлөрүн мекенге арноону чечишкен. Алар "Мен Кыргызстанды сүйөм" аттуу акция өткөрүштү.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.