
Айып топ боюнча 8:7 эсеби катталып, Замбия биринчи жолу Африка кубогун багындырды
Габон жана Эквадордук Гвинеа өлкөлөрүндө өтүп жаткан Африка кубогу боюнча футбол мелдеши соңуна чыгып, Африканын чемпиондугун Замбия курама командасы утуп алды.
Финалдык мелдеште Кот-д'Ивуар менен бет келишкен замбиялыктар күчтүү саналган команда менен тең келише кармашты. Жыйынтыгында 11 метрлик айып топ тебүүдө мыктылык кылышты. Айып топ боюнча 8:7 эсеби катталып, Замбия биринчи жолу Африка кубогун багындырды.
Замбия Эл аралык футбол уюмунун эсеби боюнча (FIFA) 71-орунда турат. Замбия Африка чемпионатына 1974-1994-жылдары катышкан.

Африка кубогунун 3-оруну боюнча болгон беттешүүнү Мали командасы утуп кетти. Алар Гананы 2:0 эсеби менен жер муштаткан.
Бул ирет Африка континентинин мыктыларынын бири Египет жана Камерундук курама командалар финалдык бетешүүлөргө чыга алышкан жок. Египет Африка кубогун 7 жолу уткан. Өткөн (2010-ж) чемпионатты да утуп алган эле. Ал эми Камерун командасы жана Гана төрт жолудан Африка чемпиондугун ута алышкан.
1957-жылдан бери уюштурулуп келаткан Африка чемпионаты а дегенде үч өлкөнүн курама командалары катышкан мелдеш болсо, бүгункү күндө 16 мамлекеттин улуттук курама командалары ат салышкан чемпионатка өсүп жетилди.









