
Манчестер Сити" чемпионатта 3-орунда келаткан "Тоттенхэмди" утуп алды
Жекшемби күнү Англиянын футбол боюнча Премьер-лигасында бул жолу ким чемпиондук таажыны кийет деген суроонун жообу чечилегендей болду.
Бетешүүлөрдүн 22-айлампасында Манчестердик эки футбол клуб негизгинен биринчилик үчүн кармашат деп жыйынтык чыгарылып жатат.
Акыркы бетешүүлөрдө "Манчестер Сити" өзүнүн жашыл талаасында "Тоттенхэмди" утуп алды (2:0). Лигадагы көрсөткүч боюнча Тоттенхэм 3-орунда келаткан эле.

Чемпиондук таажы үчүн эки Манчестердик команда ат салышаары белгилүү болуп калды.
Ал эми "Манчестер Юнайтед" чемпионаттагы дагы бир күчтүү атаандашы "Арсеналды" жер каратты (2:1).
Лондондук дагы бир команда Челси конокто ойноп өзүнө таандык упайды Норвичке" тарттырып жиберди (0:1) .
Калган таймаштардын соңу:
«Ньюкасль» - «Фулхем» 2:5
"Астон Вилла» - "Вулверхэмптон" 3:2
"Эвертон" - "Блэкберн" 1-1
"Стоук Сити" - "Уэст Бром" 1-2
«Сандерленд" - "Суонси" 2:0









