Би-Би-Си Кыргыз виджет деген эмне?
Виджеттер кайсы бир сайттагы контентти башка сайтта кайра колдонууга же жеке компьютерге - жумуш үстөлүнө алууга мүмкүн берет.
Кыргыз кызматынын виджети Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жаңылыктарын, аудио же видео маалыматтарын өзүңүздүн блогго же вебсайтка кошуп алууга жол берет.
Би-Би-Си Кыргыз виджети башка тилдерде
Виджетти Түрк, Испан, Орус, Португал, Вьетнам, Хинди, ЮККытай, Индонезия, Бангла, Араб, Фарси, Урду, Кытай, Англис тилин үйрөнүү, Суахили, Сомали тилдеринде да алса болот.
Би-Би-Си кыргыз виджети мага эмнеге керек?
Кыргыз виджети аркылуу өзүңүздүн вебсайттын колдонуучуларына дүйнөлүк кабарларды берип турсаңыз болот. Бул пайдалуу материалды бекер камсыздоонун жолу.
Би-Би-Си Кыргыз виджетти кантип орнотсом болот?
Астыдагы кодду капталдагы менюга, же өз сайтыңыздын, блогуңуздун башка бөлүгүнө көчүрүп алыңыз:
Виджетти iGoogle, Windows Vista Sidebar, Netvibes, Mac Dashboard жана WordPress аркылуу да алсаңыз болот.
Би-Би-Си Кыргыз виджеттин өзгөчөлүктөрү
Жаңылыктар
Контентте эмне бар экенин көруш үчүн "Content" деген сапты басыңыз. Колдонуучулар өздөрүнө жаккан темаларды тизмеден тандап алса болот.

Би-Би-Си Кыргыз вебсайтында издөө
Сиздин вебсайттын колдонуучулары виджет аркылуу Кыргыз кызматынын жаңылыктарын издесе болот.
Сөздү же сүйлөмдү издөө кутусуна жазсаңыз виджет жыйынтыктарга алпарат.

Виджетти алуу
Сиздин сайтка киргендер "+" деген белгини басып, виджетти өз сайттарына же блогдоруна көчүрө алат.
Ошондо виджетти орнотуунун коду чыгат.
Настройкалар
Настройкаларды алмаштыруу сиздин сайтка киргендерге виджет кандай көрүнөөрүн аныктайт.
Дефолт фидди тандоо
Виджетти жүктөгөндө кайсы контент биринчи пайда болсун, тандаңыз.
Мүнөздөмөнү жашыруу
Бул жерде макаланын мүнөздөмөсү эмес, башкы сабы гана көрүнсүн деп белги коюңуз.

Сүрөттү жашыруу
Макалалардын тизмесинен сүрөттөр көрүнбөсүн деп бул жерге белги коюңуз.
Жардам
Жардам барагына жетиш үчүн суроо белгисин (?) басыңыз.

Биз менен байланыш
* Сөзсүз толтурулчу саптар
Сиздин пикириңиз жана суроолор
Сиздин оюңузду уккубуз келет. Сизге эмне жакты, эмнени жакшыртуубуз керек экенин билдирсеңиз.
Биз менен байланышкыла
* Толтуруу зарыл
Сиздин пикир: Сиздин дарегиңиз: Атыңыз, шаарыңыз, өлкөңүз, электрондук дарегиңиз*, телефонуңуз, сиздин пикириңиз* (500 тамгадан ашпасын) Дискламация: сиздин пикириңиз редакцияланып, Би-Би-Синин дүйнөдөгү медиасы аркылуу жарыяланышы мүмкүн. Бирок бардык пикирлер жарыяланат деп кепилдик бере албайбыз. Эгер пикириңиздин жарыяланышын каалабасаңыз, э-катта билдириңиз. Зарылчылык болсо, маалыматты такташ үчүн биз э-катка жооп беришибиз ыктымал. Биз бардык э-каттарды окууга аракет кылабыз, бирок барына жооп бере албайбыз. Сизден улуксат алмайынча жеке маалыматтарыңызды Би-Би-Синин сыртына чыгарбайбыз.
Виджетти колдонуу шарттары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын виджетин орнотуп, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын материалдарын көрсөтүү үчүн колдонгон соң, сиз төмөнкү шарттарга макул экениңизди билдиресиз:
1. Лицензия
1.1 Би-Би-Си сизге Би-Би-Си Кыргыз сайтынын материалдарын көрсөтүү үчүн сайттын виджетин колдонууга эксклюзивдик эмес лицензия берет.
1.2 Би-Би-Си Кыргыз виджетиндеги жана сайттагы бардык укуктар, анын ичинде интеллектуалдык мүлккө болгон автордук укук Би-Би-Сиге гана таандык.
2. Би-Би-Си контенти менен Кыргыз виджетин колдонуу
2.2 Би-Би-Си Кыргыз виджетин жеке өзүңүз, коммерциялык эмес максатта гана колдоно аласыз.
2.3 Би-Би-Си Кыргыз сайтынын материалдарын көчүрүүгө, кайра жарыялоого, редакциялоого, өзгөртүүгө же башка маалымат кошууга, же аны башка сайттагы маалыматтар менен аралаштырууга укугуңуз жок.
2.4 Би-Би-Си Кыргыз виджетин көчүрүүгө, таркатууга, архивден кайра чыгарууга, кайра-конструкциялоого, бөлүкчөлөргө ажыратууга, аларды өз алдынча пайдаланууга укугуңуз жок.
3. Кепилдик жана жоопкерчилик
3.1 Би-Би-Си Кыргыз виджети жана Би-Би-Си Кыргыз сайтынын мазмуну "кандай болсо" жана "азыркы абалында" деген принцип негизинде сунуш кылынат. Сиз аны өз каалооңузга жараша, өз жоопкерчилигиңиз менен жүктөп, орнотуп, колдоносуз.
3.2 Кыргыз кызматынын виджетинде жана жалпы контентинде так эмес маалыматтар, каталар, вирустар же мүчүлүштүктөрдү болтурбоо үчүн Би-Би-Си белгилүү өлчөмдө кам көрөт. Бирок БиБиСи кепилдик бербейт.
3.3 Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын виджети жана контентине байланыштуу, учурдагы мыйзамдарга жараша Би-Би-Си эч кандай (коомай, нормативдик же башка) кепилдик бере албайт. Андыктан Би-Би-си Кыргыз виджети же контентине байланыштуу келип чыккан чыгашалар, жоготуулар боюнча жоопкерчилик тартпайт.
3.4 Сиз компьютериңизди вирустан коргоо боюнча болушунча чара көрүүңүз абзел.
3.5 Би-Би-Си өз каалоосуна жараша Би-Би-Си Кыргыз контентин өзгөртүүгө, алып салууга укуктуу. Эгер сиз Би-Би-Си виджетин колдонуу эрежелери менен шарттарын бузсаңыз аны колдонууга бөгөт коюшу ыктымал.
4. Жалпы бүтүмдөр
4.1 Бул шарттар Англиялык майзамдарга жараша чечмелениши керек. Алар Англис сотторунун гана юрисдикциясына караштуу.








