bbc.co.uk navigation

Биз жөнүндө

Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда.

Кыргыз тилиндеги программалар аптанын ар бир күнү үч жолу жарым сааттык форматта чыгат.

Би-Би-Синин кыргыз тилиндеги берүүлөрүн Кыргызстанда жана коңшулаш өлкөлөрдө жана интернет сайтынан угууга болот.

Биздин берүүлөр Кыргызстандын өзүндө эң көп угулган чет элдик программалардын биринен саналат.

Андан сырткары, коңшулаш Кытай менен Өзбекстандын кыргыздар жыш жашаган аймактарында угуучуларыбыздын саны артууда.

Би-Би-Си угармандары күнүмдүк программаларга активдүү катышып, эл аралык, аймактык, өлкө ичиндеги окуялар боюнча түз эфир учурунда байланышып, пикирлери менен бөлүшүп турат.

Ошондой эле, дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилдүү угармандарыбыз интернет сайты аркылуу дил каттарын жөнөтүшүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 2009 жылдын декабрь айынан баштап "Сапар" теле-видеосун чыгарууда.

"Сапар" берүүлөрүн биздин интернет сайтыбыздан көрүүгө мүмкүн.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Лондондогу жамааты:

Гүлнара Касмамбетова - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери.

Акчолпон Койчиева - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери, "Сапар" теле берүүсүнүн продюсери.

Ибраим Нуракун уулу - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери.

Чынара Сапарбек кызы - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Радио-Интернет боюнча продюсердин жардамчысы, "Сапар" телеберүүсүнүн координатору.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Кыргызстандагы кабарчылары:

Кубат Чекиров - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги редактору

Айбек Абдылдаев - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Түштүк аймактар боюнча кабарчысы

Чолпон Бекболотова - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Назгүл Коңурбаева - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Tема боюнча ссылка

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.