
Эл арасында 40 жаштан жогорку адамдарга карата Советтик менталитеттин өкүлү деген түшүнүк бар
25 жаштагы Бактыгүл Кыргызстанда каттоодо турган 11 миңдей бейөкмөт уюмдардын бирөөсүндө иштейт. Ал өлкөнүн булуң-бурчундагы айыл кыштактарды кыдырып, жашоо-шартты жакшыртуу үчүн чогуу иштөө тууралуу семинар-окууларды тез-тез өткөрүп турат. Бирок, ал окутуучу деген ролунда өзүн анча деле ыңгайлуу сезе бербейт экен. Бишкектеги кеңсесинде чай ичип отуруп, ал мага буларды айтты:
‘Биз семинарларды өткөзүп жатканда элдер мени карап алып Карасаң, мобул бешиктен бели чыкпай жатып мени окуткусу келет да деп ойлоп жатышканын сезем. Албетте алар муну ачык айтышпайт. Силер бир нерсе үйрөнүшүңөр керек деп айтпаганга аракет кылабыз. Анын ордуна Келгиле тажрыйба бөлүшөлү дейбиз. Эл бизди ким жиберди экен деп таң кала беришет. Балким бул кыз кимдир бирөөнүн жардамчысы деп ойлойт. Алар менин окутуучу экенимди кабылдагысы келбейт, ал тургай муну билгенде ишене бербей таң калышып, мени теңсинишпейт.’
Мындай кырдаалда адамдын жаш өзгөчөлүгү кандай мааниге ээ? Бактыгүлдүн түшүндүргүсү келген идеялары коомчулук тарабынан канчалык деңгээлде кабылданат? Адатта кыргыздар улууну урматтоо жаатында өзүлөрүн европалыктардан башкача сезишет. Ошол эле учурда улуу муундагылар үчүн жумуш табуу маселеси курч турат. Ал тургай эл арасында 40 жаштан жогорку адамдарга карата Советтик менталитеттин өкүлү деген түшүнүк да бар. Албетте мындай түшүнүк мактоо эмес да.
Бактыгүл - өлкөнүн өнүктүрүү секторунда иштеген көптөгөн билимдүү жаштардын бирөөсү. Мындай жаштар адатта орусча мыкты сүйлөп, англис тили менен кошо дагы бир чет тилди да жакшы билишет. Алардын басымдуусу кыздар. Бейөкмөт уюмдарда иштөө абдан пайдалуу, анткени Кыргызстандагы турмушту өнүктүрүүнү көздөйсүң жана балким жакшы маяна да аласың. Ал ортодо башкалардан ашыкча убакыт иштеп, мамлекеттик кызматчылардыкындай коопсуздугуңа кепилдик жок.
Мына ушундай Кыргыз жаштарынын тобу бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик структуранын жөнөкөй коомчулуктагы тилмечтик кызматын трэнинг семинарлары менен аткарып келишет. Ушундан улам алардын милдети абдан оор жана маанилүү десек болот. Бирок мындай иши бейрасмий болгондуктан сөз жүзүндө кала берген учурлар да аз эмес. Ошондой эле алар бир жагынан Батыш донорлоруна, экинчи жагынан Кыргызстандын уюмдарына көз каранды болбой, адатта эки жак менен бирдей иш алып барышат. Андыктан, Бактыгүлдүн трэнингине катышкандардын баары анын кимдин кзыкчылыгын көздөп жатканын билгиси келип турат.
Бейрасмий уюмдардын жаш өкүлдөрү айыл-кыштак, мектеп жана ЖОЖдордогу салттуу окутуудан айырмаланып, жаңыча окутуу методдорун колдонушат. Бактыгүл да башкалардай лекция окуп, элди өз окуганын көчүрүп жазгыла деп кыйнабайт. Ал эл менен пикир алышып, тажрыйба бөлүшүүгө, кандайдыр бир көйгөйдү чечүүнүн орток жолун табууга аракет кылат. Албетте, анын угуучуларынын араында кызмат даражасы башкалардан жогору тургандар да жок эмес.
Андыктан окутуунун идеалдуу жагдайын уюштуруу оор маселе. Бирок, бейрасмий уюмдар үчүн окутуунун «трэнинг» ыкмасы коомчулукту өзгөртүүгө багытталган жалгыз жол. Кээде эл ушулардын сөзүн угуп, убакыт коротпойбуз, пайдасы жок нерселерди айтышат экен деп кетип калып Бактыгүл сыяктуу «тренерлерди» ызаланткан учурлар да болот. Бирок элдин басымдуу бөлүгү мындай окуулардын пайдасын жакшы түшүнөт. Маселен жайыттарды сактоо жана аны туура пайдалануу сыяктуу идеяларды баалап угушат.
Кыргызстанда жашоону жакшыртуунун жолдорун сунуш кылган көптөгөн эксперттер жана адистер бар. Мындай адистер советтик мезгилде да болгон. Маселен агрономдор жана инспекторлор мезгил-мезгили менен колхоз, совхоздорду кыдырып турушкан. Кыргызтандын телеканалдарында мындай адистер бир кылка пикирге ээ эмес экени байма-бай көрсөтүп турушат. Ушундай шартта Бактыгүл сыяктуу жаш адистер пайдалуу билим менен тажрыйбаны бере аларын эл кантип түшүнөт?
Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу шариятка үндөгөн даабатчылардын айынан да бейөкмөт тренингчилерге ишене албашы мүмкүн. Бейрасмий уюмдардын жаш өкүлдөрү кайдан келгени, маалымат менен акчаны кайдан алып жатканын билбей, коомчулук да араза жолдо. Бактыгүл сыяктуулар үчүн жумушунда чече турган бир топ кыйынчылыктары бар. Анын мисалы көрсөткөндөй, жаш өзгөчөлүк сенин аял же эркек экениңе карабай дале маанилүү орунда турганына айкын далил.
Кыргызстандагы жаш-куракка маани берүү маселеси кыргыз коомчулугундагы бейөкмөт уюмдар менен эларалык донорлордун ишмердүүлүгүндөгү орчундуу көйгөй десе болот.









