bbc.co.uk navigation

Тажикчиликти түшүнүү

Соңку жаңыланышы: 9-февраль, 2012 - 14:32 GMT

2012-жылдын алгачкы күндөрүндө эларалык жаңылыктар менен аналитикалык блогдордо башкы тема “Дүйшөмбүдө аяз ата өлтүрүлдү”, “Аяз атаны ким өлтүрдү?” жана “Тажикстанда өлтүрүлгөн аяз ата” деген болду.

Масс-медиа ушинтип чуру-чуу түшүп жатканда бул өлкөгө кайдыгер эместер Дүйшөмбүдө болгон окуянын чын бышыгын билгиси келди.

Жергиликтүү расмий жаңылыктар жана полициянын айтымында, Тажикстандын жаш атуулуу Парвиз Давлятбеков жакындарын жаңы жылы менен куттуктоо үчүн аяз атанын кийимин кийип үйүнө бара жаткан. Көчөдөн ага отуздай жаш жигиттер кол салышып, “каапыр” деп кыйкырышып, өлөрчө сабап салышкан.

Мындай адамкерчиликке жат көрүнүш диний кагылышуу катары бааланып, тез эле дүйнөлүк жаңылыктардан негизги орунду алды. Албетте, мындай чуулгандуу окуя Борбор Азия жалаң гана зордук-зомбулук менен гана баш жаңылыкка чыга аларына дагы бир ирет далил болду.

Бул иште өзөктүү көйгөй жана негизги себеп болгон жергиликтүүлөрдүн жашоосундагы ичкиликтин мааниси болсо четке чыга берди. Ал тургай жаңы жылдын алдындагы ушул аянычтуу окуядан айрым журналисттер менен көз карандысыз эксперттер Борбор Азиядагы диний экстремизм менен зордук-зомбулуктун күч алганын жар салып упай топтоп ийишти.

Баса белгилөөчү жагдай, бул кылмыш болуп өткөндөн кийин мени менен баарлашкан бардык тажикстандыктар окуяга бейбаштык, коомдогу жакырчылык жана атуулдук согуштан улам келип чыккан зомбулук катары баа беришти. Адам өлтүрүүгө негиз болгон эң башкы нерсе – ичкилик экени айтылып, бул окуяда тажик коомчулугунда кандайдыр бир диний көз караштын маанилүү болбогону маалымдалды. Ошентсе да, Парвиз Давлятбековдун өлүмүн жөнөкөй социалдык себептерге такабай, аны кеңейтип, маанилик мазмунун арттыргандар да арбын кездешти.

Мына ушундай сын көз караштарга Тажикстанда орус тилинде жарык көргөн “Азия Плюс” гезитинин 4-январдагы (2012) санында кеңири орун берилген. Бул гезиттин бетиндеги айрым макалаларда Исламчыл ураандарга жамынып, адам өлтүрүүгө барган топтун негизги максатын билүү менен алардын бул кылмышка кылуусуна түрткү болгон себепти табуу керек экени жазылат. Бир нече жылдардан бери Тажик саясатчылары жалпы улуттук баалуулуктарды алдыңкы планга чыгарып, этникалык кагылышуулардын алдын алууга аракет кылып келет.

Айрыкча жалпы саясаттын этникалык көпчүлүк болгон тажиктерге эле багытталуусу бул өлкөдөгү улуттук азчылыкты түзгөн башка этностордун кырдаалга жараша өзгөрүүсүн шарттоодо. Маселен, өзбектер жеке күбөлүгүндөгү улуту деген белгисин “Тажик” деп өзгөрткөнгө аракет кылышат, ал эми орустар болсо этникалык бөлүп жаруудан улам эбак эле улуттук өзгөчөлүгү менен кош айтышкан. Ал тургай тажик расмийлеринин берген аныктамасы боюнча этницизм - тажикче сүйлөгөн, байыркы фарси маданиятын алып жүрүүчү сунний мулусмандар дегени да буга далил.

Мындай өзгөчөлүгү жок башкалардын баардыгы бул өлкөдө туруктуу эмес катары бааланат. Ушундан улам Парвиз Давлятбековдун өлтүрүлүшү “Азия Плюс” гезитинин кескин сындоосуна кабылды.

Маселен, жаңы жылдан кыска убакыт мурда мамлекеттик мусулмандар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдулкодирзода жаңы жылдык майрамдоолорду советтик идеологиянын калдыгы жана аяз ата менен балаты кооздоону “Тажиктик эмес”, “Исламий эмес” деп коомчулукка ачык жар салган. Абдулкодирзода элдин көңүлүн фарсы жаңы жылы болгон 21-март, же Ноорузга бургусу келген. Ал ортодо таанымал диний лидер Акбар Туражонзода бул окуяга адам өлтүрүү катары баа берип, аны ишке ашыргандарды кескин сындап, алардын бул кылмышы диндеги көз караштар менен дал келбестигин айтып чыкты.

Кандай болгон күндө да айтылган сындоо жана актоолордун бардыгы Парвиз Давлятбековду өлтүргөндөрдүн колундагы канды жууй албайт. Алардын бул кылмышка карата жеке жоопкерчилиги расмийлердин катуу көзөмөлүндө. Ошентсе да, жаңы жылдын алдында аяз ата кийимин кийген адамды эмнеге бутага алганы расмийлердин да, коомчулуктун да негизги суроосу.

Ушундан улам Давлятбековдун аянычтуу өлүмү исламчылар тарабынан христиан Санта Клаусту өлтүрүү катары эмес, башкаларга жакпай калган жаш жигиттин суроо-сопкутсуз жазаланышы катары каралабы деген ой кетет. Ал эми Тажикстанда жашап, советтик жаңы жылды мурдагыдай эле аяз атасы, балатысы, белектери менен белгилеген коомдук азчылыктын өзөгүн жеген суроо Абдулкодирзода менен башка расмийлердин ачык айткан сөздөрү канчалык таасирдүү деген болууда.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.