
Техастын жаш ковбою АКШ куралдуу күчтөрүнө кошулгандан кийин бул өлкөнүн тарыхында эң эле көп адам өлтүргөн снайпер болуп калды. Ушул айда бул адам тарабынан жазылган китепте снайперлик кесиптин адаттан тыш учурлары камтылып, айрыкча адам өлтүрүп жаткандагы ички руханий карама-каршылыктар менен сырткы талаптын күрөшү чагылдырылды.
2003-жылы АКШ куралдуу күчү Иракка кол салганда Крис Кийли аскерлердин катарында снайпер мынтыгын колго алып, деңиз аскер батальону менен бирге Ирак шаарларына кирген.
Алгач шаардагы ызы-чуу менен көп санадаган адамдарды гана көргөн. Ушундай чуру-чуунун арасынан ал аскерлерге карай жакындап келе жаткан балалуу аялды көрөт. Анын колунда жардырууга даяр турган граната бар экен.
"Бул кимдир бирөөнү өлтүрүшүм керек болгон алгачкы учур эле. Өлтүрө турган адам эркекпи, аялбы ким экенине карабай муну аткара аларымды билбей эсим эңгиреп калды. Санаам сапырылды. Биринчиден ал аял экен. Экинчиден эгер аны өлтүрсөм туурабы, адилетпи деген суроо мээмди эзди. Анан бул иштен кийин мени мекенге шерменде кылып жиберишпейби деп ойлодум. Укук коргоочулар менден бала көтөргөн аялды эмнеге өлтүрдүң деп, түрмөгө салбайбы деп да ойлодум. Жакын турган адамды өлтүрүү абдан оор экен. Ал тургай мен аны менен сүйлөшө да алмакмын", - дейт снайпер Крис.
Бирок ага мындай суроолор менен алпурушуу үчүн убакыт тар эле.
Аял менин чечимимди өзү кабыл алып койду. Америка аскерлерин өлтүрүүгө багытталганы айдан ачык эле. Анткени ал гранатанын жибин тартып баштаган... – деп жазат Кийли.

Кийли Иракта 2009-жылга чейин кызмат өтөгөн. Пентагондун расмий маалыматы боюнча, ал 160 кишини атып, АКШ согуштук тарыхындагы эң көп адам өлтүргөн снайперге айланган.
Кийли Иракта 2009-жылга чейин кызмат өтөгөн. Пентагондун расмий маалыматы боюнча, ал 160 кишини атып, АКШ согуштук тарыхындагы эң көп адам өлтүргөн снайперге айланган. Бирок анын өздүк эсебинде өлтүргөн адамдардын саны 255.
Америка армиясынын маалымдоосуна караганда, ирактык согушчандар ага Жан алгыч деп ат коюп, анын башын 20 миң АКШ долларына баалашкан.
Аскердик эс алууга чыккандан кийин Крис Кийли өзү жазган китебинде өлтүргөн адамдарга карата эч кандай айоо сезими болбогонун жана мындай жапайыларды жок кылганы үчүн өкүнбөстүгүн айтат. Азыр ал үй-бүлөөлүү, эки баланын атасы.
Кылган иштерине ыраазы
Бирок Израилдеги снайперлерди окутууда аныкталгандай аларда башка аскерлердей душманга адамкерчилик менен кароого тарбиялоо мүмкүнчүлгү кененирээк.
Мунун бирден-бир себеби, снайперлер өз бутасын айдан ачык изилдеп, айрым учурда мындай изилдөө үчүн аларга бир нече саат жана күндөр да берилет.
Антрополог Нета Бардын айтымында снайпер үчүн адам өлтүрүү абдан эле интимдүү, жакын кабыл алынган чечим болот.
Ал 2000-2003-жылдары Палестина террорчуларына багытталган 30 снайпердин жүрүм-турумун изилдеп, киши өлтүрүүнүн адам табиятына тийгизген залакаларын табууга аракет кылган. Өз изилдөөсү үчүн ал снайперлерди жөндөн жөн эле тандап алган эмес. Анткени алар учкуч-аскерлер же танк айдоочу аскерлер сыяктуу имараттарды бутага албай, тикеден-тике инсандарды көздөшөт.
Советтик снайпердин баяны

Конвойду коштоп бара жаткан согушчандардын саны жыйырмадай эле. Бирок алардын бирөөсү негедир менин купулума толбоду. Ортобуздагы аралык 300 метр, бул снайпер үчүн абдан жакын аралык. Бир нече секунддан кийин мага жакпаган адам жерде кыймылсыз жатты. Ошол учурда мен улам-улам өлтүргүм келип, аткылап жаттым. Жанталашып качкан, менден жашынууга аракет кылгандарын көрүп турдум. Баарысын өлтүрдүк. Жыйырма кишилик топтон үчөө гана жаракат алып, колго түштү. Мунун баары бүткөндөн кийин өзүмдү сабырдуу боло албаганым үчүн жектедим. Эгер сабырдуу болсом, мындан да көп душманды жок кылмакмын да. Биз ошондо өзүбүз менен абдан сыймыктанганбыз. Азыр болсо уялам. Азыр менден сурашса, адам өлтүрүү абдан оор дейт элем. Бирок 20 жылдан ашуун убакыт мурда мен жапжаш болчумун да... Илья Абишев (сүрөттө оңдон экинчи) 1988-жылы Афганистанда кызмат өтөгөн
Илья Абишев (сүрөттө оңдон экинчи) 1988-жылы Афганистанда кызмат өтөгөн
Изилдөөнүн жыйынтыгында Израиль аскерлеринин дээрлик бардыгы Палестина аскерлерин террорчу катары кабылдары, ал эми снайперлер негизинен аларды адам катарына кошпору аныкталды.
"Жөөт ишеними боюнча айтылган Адам пайгамбарынын уулдарына карата адамкерчилик деген сөздү снайперлер ар дайым адамдарды өлтүрүп келгенден кийин айтышат экен. Ал тургай алар өлтүрө турган бутасына адам дебестен кандайдыр бир жаныбардын, же машинанын атын коюшат. Сурамжылангандардын айрымдары өлтүрүлгөн адамдар душман деп жатышты. Бирок снайперлердин бирөө колуна мылтыгын алып, бир кишини бутага алып жатканда Бул адамды да жакшы көргөн туугандары, достору болсо керек. Ал өз идеясы үчүн күрөшкөн жакшы адам экенине ишенем. Бирок ал биз тараптагы жазыксыздарды өлтүргөнү үчүн кечире албайм, - деп ойлонгонун айтат, - деди антрополог Нета Бар.
Өз ишине ыраазы болуу жана жакындары тарабынан колдоого алынып, Израиль коомчулугунда сыйланганы үчүн аларда адам өлтүргөндөн кийин кандайдыр бир ички жан дүйнөсүндө жабыркоо болбойт.
Ошондой эле бул изилдөөгө алынган снайперлердин дээрлик бардыгы акылдуу жана билимдүүлөр болгонуна басым жасалды.
Мыктылардын мыктысы тандалат
Көп өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө снайпер болуу үчүн аскерлер көптөгөн сынактан өтүшүп, тандалмалар гана бул кесипке жете алат. Маселен, Улуу Британияда мыкты аскерлер үч айлык атайын даярдыктан өткөндөн кийин сынак тапшырышат. Бул сынактан орто эсеп менен төрт аскерден бирөө эле снайперликке өтөт.
АКШ снайперлерин даярдоо курсу аскер кызматында эң эле оор шарттары менен белгилүү. Снайпер болчу адамдын жалпы билим рейтинги 60 пайыздан жогору болуп, кыраакылык, сабырдуулук жана башка бир катар сезимдери өтө курч болуусун талап кылышат.
Канадада жүргүзүлгөн изилдөө боюнча, снайперлердин өз ишине ыраазы болуусу психологиялык жабыркоого караганда алда канча жогору экенин көрсөттү. Афганистан үчүн 150 снайпер даярдаган Канада Королдук аскер колледжинин окутуучусу Питер Брэдлинин айтымында, алардын саламаттыгы жана психологиясы мыкты деңгээлде. Алар менен сүйлөшө келсең, сезимтал жана адамкерчиликтүү экенин гана көрө аласың, - дейт Брэдли.
Аялыма айтпагыла...
Бирок Израиль менен Канададагы изилдөөлөр иштеп жаткан снайперлерге карата гана жүргүзүлдү. Нета Бардын пикири боюнча, бул кесиптин ээлери ишин таштап, кадыресе коомчулукка кайтып келгенде бир топ кыйынчылыкка учурайт деп ойлойт.
Советтик снайпер Илья Абишев 1988-жылы Афганистанда кызмат өтөп жүргөндө советтик идеологияга сугарылып, өз ишин туура кылып жатам деп эсептеген.
Өкүнүү ага бир аз кеч келип: Биз ошондо Афган элине жардам берип жатабыз деп ишенгенбиз. Азыр мен бул кылган ишим менен сыймыктанбайм, тескерисинче уялам, - деди.
Ал эми кадыресе коомчулукта кызмат өтөгөн тартип сакчыларынын снайперлеринде өкүнүү сезими согуштагы кесиптештерине караганда бир аз эртерээк ойгонот экен.
Брайан Сейн, Техастын мурдагы шерифи жана снайпер, көптөгөн полиция жана аскер снайперлери адамдарды мындай жакын жол менен өлтүрүүдө азап тартышат дейт.
Бул аялыңа же, чиркөө кызматкерине айтып берип жеңилдей турган иш эмес. Бир гана башка снайпер сенин дартыңды түшүнө алат, - дейт Америкадагы психологиялык жактан жабыркаган снайперлердин ассоцияциясынын мүчөсү Брайан Сейн.
Бирок АКШ снайперлери үчүн кылган ишине уялып калуу деген кыйналуу болбочудай. Маселен Брайан Сейн: Чын эле кызыктай сезилет. Жансыз денени көрүп, анын өлүмүнө өзүң себепкер экенин билесиң. Бирок мен өлтүргөн ар бир адам душманым болчу. Албетте аркы дүйнөдө Кудай алдында бере турган эсебим көп, - дейт.








