Автор тууралуу:
Доктор Балихар Сангхера Улуу Британия, Кент университетинин Социалдык саясат, социология жана изилдөө мектебинин ага окумуштуусу. Анын негизги изилдөөлөрү саясий экономика менен этикага багытталган. Ал моралдык сезимдер, баалоолор жана жоопкерчиликтердин экономикалык жана социалдык структураларга тийгизген таасири менен коомдогу класстар жана жакырчылык факторлорунун моралдык жашоо менен саясатка болгон үстөмдүгүн изилдеген. Бул окумуштуунун изилдөө долбоорлору мурдагы Советтик өлкөлөрдүн моралдык экономикасы, филантропиялык жана социалдык адилеттүүлүк маселелери темаларында ишке ашкан.

Бишкек
Кыймылсыз мүлккө карата укугу жана шаардык пропискасы жок калктын жакыр бөлүгү Кыргызстан, Казакстандын ири шаарларында турмуштун ар кыл көйгөйү менен өз алдынча күрөшүп келишет. Каттоосу жоктор билим алуу, саламаттыгын жакшыртуу кызматтары, электр энергиясы, таза суу сыяктуу жашоонун эң эле жөнөкөй шарттарына ээ эмес.
Ал тургай расмийлер тарабынан куугунтукталып, шаардык тургундар да аларды жактыра беришпейт. Ошондой эле эч жерде катоосу жоктор атуулдук укугу болгон шайлоого да катыша албай калышууда. Айрым эларалык донор уюмдар (Бириккен Улуттар Уюму жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу) бул өлкөлөрдө коомдун алсыз катмарынын мыйзамдуу укуктары болгон кыймылсыз мүлкүн каттоо, кулчулукка жол бербөө, соттук адилеттүүлүк сыяктуу укуктары сакталбагандыктан жакырчылыктын деңгээли артууда дешет.
[1]Анын үстүнө аталган өлкөлөрдөгү чоң шаарларда жашаган жерине каттоого туруу деген шарт адам укуктарынын жөнөкөй нормаларын бузууда. Бирок аны таптакыр алып салуу же жөнөкөйлөтүү деле коомдун жакыр катмарынын социалдык тейлөөсүн жакшыртып жибербейт. Анткени коомдогу бай кедейдин ортосундагы ажырым менен кеңири жайылган коррупция буга толук жол ачып жатат.
Жашаган жеринде каттоого туруу системасы акылга сыйарлык расмий иш-аракет эмес. Себеби ал эларалык адам укуктары боюнча конвенциянын шарттарын да бузуп, бул эки өлкөнүн конституциясындагы атуулдар өз бет алдынча өлкөсүндө эркин көчүп жүрө алышат деген мыйзамына каршы келүүдө. Ал тургай айылдык тургундардын оор экономикалык кырдаалдагы кыйын жашоо шарттардан качуусуна тоскоол болгону аз келгенсип, алардын ири шаарларда башкалардан кордук көрүп, кулчулукка кабылуусуна жол ачып жатат.
Каттоосу жок адамдар айдан ачык, расмий эле шаардагы социалдык таштандыларга айланышкан. Каттоосуз атуулдар айласы кеткенде билим алуу жана саламаттыгын текшертүү, дарылануу сыяктуу социалдык кызматтардан пайдалануу үчүн жооптууларга пара берүүгө мажбур болушууда. Пара берүү коомдук сектордо калыптанып калган кадимкидей эле көрүнүш. Пропискасыз атуулдар социалдык кызматтын сапаттуу болуусун кааласа сөзсүз пара аркылуу баарын чечип ала алышат.
Укук коргоочулар коомдун жакыр катмарынын мыйзамдуу укуктарынын сакталуусу, соттук адилеттүүлүк сыяктуу бир топ көйгөйлөр менен күрөшүүдө. Ал ортодо шаар четтеринен жер басып алган захватчиктердин жөнөкөй укуктары тебеленип, мыйзам тарабынан эч кандай камкордукка алынбай, куугунтукка учурап жатат. Мындай абал жакырчылыкты ого беш бетер арттырып, алардын кулчулукка учуроосуна түздөн-түз шарт түзөт.
Эгерде аларда кыймылсыз мүлк жана мыйзамдуу иштөөгө укугу бар болсо расмий, көзөмөлдөгү экономикага салым кошушмак. Жакшы маяналуу кызматтарга орношуп, эксплуатация менен зомбулук жоголмок. Ошондой эле алар шаардагы жашаган жеринде катталса, же прописка алса, алардын мындай статусу шаардыктардай билим алуу менен саламаттыкты сактоо кызматтарынан пайдалануусуна жол ачмак.
Мындай идея кызыктуу, бирок жашаган жеринде каттоону мыйзамдаштыруу стратегиясына байланышкан саясаттын таасирлүү болоруна кайчы суроо жараткан үч маселе бар. Биринчиден, мыйзамсыз шаар тургундары менен расмий катталбаган мигранттардын басымдуусу эч кандай билими же атайын адистиги, жетиштүү каражаты же тууган-таанышы жок болгондуктан, экинчи катмардагы эмгек биржасында иштеп жатышат.
Ал тургай алар шаардык каттоого отурса деле экинчи катмардагы иш орундарында калышат. Себеби аларда жакшы эмгек акылуу жумуштарга орношуу үчүн жетиштүү материалдык да, адистир да ресурстары жок. Айылдыктар менен эмгек мигранттары атаандаштык абдан өнүккөн өндүрүш же акыл күчүн талап кылган иштерге иштөөсүнө жетиштүү шарттар жок. Бул жерде шаардык прописканын деле мааниси анча эмес.

Алматы
Экинчиден, сапаттуу билим жана саламаттыкты сактоо кызматын алуу үчүн шаардагылардын бардыгы, мейли ал шаардык болсо да, же айылдан келген мигрант болсо да мектеп директорлору менен ооруканадагы доктурларга пара берүүгө мажбур. Паракорчулук мектептерде, ооруканаларда, университеттерде, милиция бөлүмдөрүндө жана түрмөлөрдө адаттагыдай эле көрүнүш. Коомдогу майда жана ири коррупция айлыктын аздыгынан жана кесиптик деңгээлдин төмөндүгүнөн улам инфраструктура кызматкерлери, мугалимдер, доктурлар, эмчи айымдар, милиция, прокуратура жана башка бардык кызматкерлердин арасында кеңири жайылган. Алар параны берип жаткан адамдын пропискасына карабай эле алышып ишин бүткөрүшөт.
Үчүнчүдөн, шаарда каттоосу жок адамдардын турак жайы көбүнчө ылай менен самандан тургузулат. Мындай үйлөргө банк тарабынан эч кандай кепилдик жана насыя берилбейт. Ошондой эле атуулдар үчүн насыя алуу да оңой эмес, анткени 20 пайыздык төлөмдү ай сайын берип туруу бардык эле мигранттын колунан келе бербейт. Андыктан алар өз үйлөрүн жоготуп алуудан коркушат. Анын үстүнө, насыя жана банк системасы да мыкты эмес.
Шаарда жашоо укугун мыйзамдаштыруу чечими абдан кылдат иликтелип, ар тарабы өлчөнгөндөн кийин гана кабыл алыш керек. Биринчиден, мындай кадам шаардагы атуулдардын административдик жана атуулдук укуктарына кепил болуусун камсыз кылат. Бул процесстин ишке ашуусуна эларалык коомчулуктун да киришүүсү зарыл. Экинчиден, шаардагы калктын жакыр бөлүгү өзүлөрүн адам катары баалап, жакшы шарттарда билим алып, ден соолугун чыңдай турганына ишенет.
Муну менен бирге аларды коомдо бөлүп жаруу токтоп, моралдык булганч окуялар, жалкоолук сыяктуу көйгөйлөр чечилет. Үчүнчүдөн, көчмөндөрдүн экономикалык иш аракеттери колдоого алынып, ырааттуу болот жана алардын кирешеси артып, жашоо-шарты жакшырат. Төртүнчүдөн балдар, кош бойлуулар жана оорулуулар саламаттыкты сактоо жаатында жакшы шарттар менен тейленип, алардын мурдагыдай эч кандай айыпсыз эле бир прописка үчүн кемсинтилүүсү токтойт.
Бешинчиден, коомдук толкундоолор менен жашоо шарттын жамандыгынан улам чыккан көтөрүлүштөр басылып, мамлекеттин өз атуулдарына болгон жоопкерчилиги артат.
Жалпысынан калктын жакыр катмарын шаарда туруусун мыйзамдаштырып коюу менен эле кедейликти жоюп, социалдык тең салмактуулук орноп, турмуш шарт жакшыра калат дегенден алыспыз. Шаарда жашоону мыйзамдаштыруу маселесин жүргүзүлүп жаткан жалпы реформалар менен иш чаралардын маанилүү бир стратегиясы катары кароо туура.
[1] Жакыр коомчулуктун кыймылсыз мүлктө каттоого туруусуна байланыштуу изилдөө (2008), Мыйзамды бардыгына иштетүү үчүн. Бул шилтемеден окуса болот: http://www.undp.org/legalempowerment/reports/concept2action.html









