
Чынара Сейдахматова жана Гүлнара Айтпаева
Кыргызстанда жаңы президент шайланып, бийлик тынч түрдө ага өткөрүлүп берилгенден кийин парламенттик чыр-чатактар жана аны иликтөөлөр башталды. Эл арасында бул чатактарды (дүкөндөрдө, унааларда, ооруканада) парламеттин өз ара «разборкасы» деп аташып, Жогорку кеңеш мамлекет үчүн маанилүү маселелерди карабай, депутаттардын жеке таймашына айланганы айтылууда.
Парламенттик республика өлкөдө экинчи ирээт болгон төңкөрүштүн жемиши экени маалым. Бирок 2010-жылдын жай айларында улуттук патриоттор тобу Текебаев тарабынан сунуш кылынган конституциянын долбооруна альтернатива түрдө Курултай башында турган салттуу коомдук башкаруунун түрүнө негизделген долбоорду сунуш кылганы аз гана адамдарга маалым. Убактылуу бийлик бул долбоорду референдумга койгон эмес.
Курултай идеясынын айланасында бириккен адамдар көз карандысыздыкты алып жатканда, жыйырма жыл мурда Кыргызстан «туура эмес» жолго түшүп, өнүгүүнүн «чоочун» жолун тандап алган деп эсептешет. Кээде бул жолду башыштын жолу дешип, кыргыздын өздүк менталитетине туура келбестигин айтышат.
Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин аныктамасы боюнча, курултай моңгол тилинен кирген сөз, ал «элдик жыйын» дегенди туюнтат. Б.Бөрүбаев курултайды масштабына жараша уруулуктан, элдикке чейин бөлгөн. Курултай укуктук, шайлоо, аймактык ж.б. маселелерди чечип келген.
Заманбап курултай 1992-жылы Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайы деген аталыш менен башталган. Башкача айтканда, курултай жана салттуу улуттук чогулуш тууралуу идеяны Кыргызстандын алгачкы президентинин идеологдору көтөрүп чыккан. Бирок 2005-жылдан баштап курултайлар оппозициялык маанайга өттү.
Экинчи президент оппозицияны бөлүп-жаруу жана талкалоону жакшы билип, 2010-жылы курултайды оппозициялык деңгээлден элдик биригүү даражасына көтөрүүгө аракет кылды. Бирок мындан бир айт өтпөй 7-апрель окуялары болду.
2010-жылдын октябрында референдумдун жыйынтыгы менен парламенттик шайлоо кабылдангандан кийин «Элдик Курултай» кыймылынын ишмердүүлүгү арта баштады. өлкөнүн бардык аймактарында бул кыймылдын максаты менен принциптерин таанытуу иштери жүрдү. 2011-жылдын январында Таласта облустук деңгээлде курултай башталды. 2011-жылдын сентябрына чейин бардык облустарда болуп өттү. Андан кийн сентябрь жана ноябрь айларында эки этап менен Улуу курултай болду.
Бул кыймылдын олуттуу бир күчкө айланганына өткөөл мезгилдин президентинин администрациясында курултай боюнча адистин кызматы пайда болгону күбө. Бирок бийлик менен кыймылдын кызматташтыгы узакка созулган жок. Дагы бир факт, парламенттик шайлоодон кийин өтпөй калган партиялар элдик курултайга кошулуу аракетин кылышты.
Элдик курултай мамлекеттик да, чет элдик да долбоор эмес. Андыктан аны каржылоо маселеси өтө курч. 2004-жылдан бери кыймыл жеке салым жана кайрымдуулуктун аркасы менен каржыланып келет.
Заманбап курултайдын башатында «Кыргыз эл биримдиги» атуу формалдуу эмес уюм турат. 2002-2004-жылдары бул уюм түштүктө уруулук деңгээлде ачылып, анын каржылоосун мурдагы чиновниктер жана саясатчылар аткарган. 2008-2009-жылдары түштъктүн бул кыймылына түндүктөгүлөр да кошулду. Натыйжада кыймыл саясий мүнөзгө айланды.
Эки төңкөрүш жана азыркы парламенттик бийликтен көңүл калгандан кийин курултай башында турган «кыргыз жолун» тандап алуу ишеними артууда. Элдик кыймылдан аны өз максатына колдонгусу келгендер бара-бара чыгарыла баштады. Мына ушул адамдар кыймылдын эң негизги каржы булагы эле. Бул процесстин туу чокусу Коомдук конгресстин лидери курултайды башкаруудан баш тартуусу болду.
Мына ушунун баарынан тышкары, бул баш тартуулар аркылуу Курултай кандайдыр бир шартсыз каржылоо принцибин кабылдап, миллиондогон сомдор бул кыймылда лидердин позициясын алууга укук бербей тургандыгын айгинеледи. Облусттук деңгээлдеги курултайлар сериясын жана Улуу курултайды өткөрүү учурунда өлкөдө кандайдыр бир шарт койбостон эле аз да болсо акча бере ала турган адамдар бар экени аныкталды.
Шартсыз көмөкчүлөрдүн басымдуу бөлүгү мындай колдоолорун бийликтеги чексиз баш аламандыкты аз да болсо ооздуктоого кылган аракети менен түшүндүрүштү.
Бир жылдан берки иликтөөлөр көрсөткөндөй, кыймылдын негизин 25 жаштан 55 жашка чейинки мурда кийин саясатчы же чиновник болбогон эркектер түзөт. Алардын арасында жигердүү иштеген, улуттук баалуулуктарды жана салт-санааны туу туткан, элин жан дили менен сүйгөн патриот жигиттерибиз да бар. Ошондой эле улутчулдар да жок эмес, бирок алардын идеялары үстөмдүк кылат деп айта албайбыз. Курултайдагы дагы бир жаңы тенденция - орус тилдүү шаардык киргиздердин колдоосуна ээ болуусу.
Акталбаган үмүттөр, бийликтин ишмердүүлүгү элдин ишеними менен дал келбөөсү - бул курултайдын маанилүүлүгүнүн бирден бир себептери. Төңкөрүштөр жана парламентаризм бийликтин негизги табиятын өзгөртө албады. Бийлик мурдагыдай эле элден алыс жана анын көзөмөлүндө эмес. Курултайдын тарапташтары бийликте көбүн эсе кыргыздар үстөмдүк кылгандыктан, ага таасир кылуунун жолдору да салттуу болушу керек деген ишенимде.
Курултай кыргыздардын салттуу руханий башкаруу системасын кайрадан жандандырып, бийликтин элдин алдындагы жоопкерчилигин сездирүүгө жана элдин гана кызыкчылыгына иштөөгө чакырат. Курултай бийликти эл үчүн иштөөгө мажбур кыла турган жалгыз механизм катары каралат.
Бирок курултайдын иш-талаптарын ишке ашыруу айрыкча процесс учурунда алсыз бөлүк болууда. Мына ошондуктан, ар кандай үлгүлөр сунушталат. Радикалдуу үлгү катары курултай бийликтин бардык бутактарын көзөмөлдөйт жана президентти шайлагандан жумшак үлгү болгон курултайдын көзөмөлдөө функциясына чейин.
Өкүлчүлүк сыяктуу маселе кыймылдын мүчөлөрүнүн арасында да кайчы пикирди жаратууда. Эгерде өкүлчүлүк уруулук принципте болсо, кыргыздан башка улуттар кантет, алардын орду кайда? Курултай менен азыркы бийликтин ортосундагыдай ажырым болбойт деп ким кепилдик бере алат?
Салттуу коомдук үлгүнү калыптандырып, кайрадан курууда архаикадан кантип качса болот? Дагы бир жогорку бийлик башта турганда кош бийликтүү болуп калуудан кантип сактанса болот?
Мына ушул сыяктуу суроолор курултайдын түзүлүшү, анын элдик бийлик катары иштөөсү азыркы бийликтин табиятын оңдоо сыяктуу узакка созула турган оор процесс экенин көрсөтүп турат.









