bbc.co.uk navigation

Роза үчүн розалар: Кыргызстандагы бийлик

Соңку жаңыланышы: 23-декабрь, 2011 - 14:21 GMT
Роза Отунбаева

Роза Отунбаева

Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир-эки апта мурда Ысык-Көлдү жээктеп жүрүп сөзүбүз саясатка бурулду. Биздин айдоочубуз талапкерлерге анчалык ичи чыкпаганын айтып, бирок кетип жаткан президент тууралуу мындай деди.

Роза Отунбаевабы? Оо, ал жакшы киши. Ал Кыргызстандын тарыхында эң мыкты президент катары калары бышык.

Мен анын бул айткандарына абдан таң калдым. Президенттикке талапкерлер ушунчалык көп болуп жатканда, Отунбаеваны “эң мыкты” деп атоого кандай негиз бар? Бирок айдоочунун “Самый лучший в истории” деген сөзү терең ишеним менен айтылды.

Бир нече күн мурда кыргыз илим чөйрөсүндөгү жаш изилдөөчү менен болгон баарлашуумду эстедим. Ал экөөбүз Отунбаеванын бийликке келүүсүнүн кийин ишке ашкан конституциялык реформаларды, парламенттик демократия системасына өтүү жана президенттин мүмкүнчүлүктөрүн чектөө боюнча пикирлештик эле.

Анын айтымында, мындай реформалар Отунбаеванын парламенттин ишине кийлигишүүдөн чечкиндүү түрдө баш тартуусунан улам ишке ашты. Айрыкча ал өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн бийликке жана башкаруу секторуна алып келбөөсү орчундуу жаңылыктардан болду. Бирок жаш окумуштуу Отунбаеванын ордуна келе турган бардык эле саясатчы президенттик милдеттин өзгөчө статустарынан баш тартып, мамлекеттин кызыкчылыгын өзүнүкү менен “чөйрөсүнөн” бийик койо бербейт деген пессимисттик көз карашта экен.

Бул жаш окумуштуунун мындай көз карашы акыркы айларда Кыргызстанда саясат тууралуу мени менен сүйлөшкөн бардык адамдардын ойлорунда жаңырып турду. Элдин оюнда Отунбаева башкаларга караганда өзгөчө ажо болду. Ошондой эле анын аял болуусу да анын өзгөчөлүгүн арттырып, коомчулуктун аял жана эркек башчыга карата эки башка көз карашын чагылдырып турду.

Отунбаева убактылуу бийликтин президенти катары апрель төңкөрүшүнөн кийин кулатылган К. Бакиевдин ордуна коалициянын атынан коюлган. Ал мурдагы ажонукуна окшош эле чөйрөдөн, ошол эле саясий элитадан келгени менен башкалардан абдан айырмаланып турду. Коалициядагы анын тарапташы болгон башка эркек саясатчылар жеке амбицияларын алдыга коюшуп, кызмат орундарын талашып, портфель бөлүштүрүп, оппортунисттик максаттарды көздөшкөн.

Бирок Отунбаевада мындай умтулуулар жок эле. Элден сураганымда Отунбаева аял болгондуктан, өзүнүн кадамдары менен мурдагы эки режимдин лидерлерине таптакыр окшобой турду. Башкача айтканда, мурдагы эки президент эркек болгон жана алар өз жакындарын маанилүү мамлекеттик орундарга дайындашып, өлкөдө бир үй-бүлөнүн бийлиги өкүм сүрүп, коррупция күч алган.

Ушундай бийликтен кийин аял саясатчынын өлкө башына келүүсү коомчулукта мурдагыдай баш-аламандыктарга жол бербей адилеттик орнойт деген ишенимдерди бекемдеди. Розу Отунбаева президенттик кызматында саясатчы катары эмес, камкор аял жана эне катары кабыл алынды.

Роза Отунбаева 2010-жылдын июнь коогалаңынан кийин

Роза Отунбаева 2010-жылдын июнь коогалаңынан кийин

Отунбаева эл күткөндөй эле башкалардан айырмаланып иш алып барды. Жаңы конституцияны кабыл алууга болгон күчүн жумшап, өзүнүн жеке позициясын референдум менен бирге өткөөл мезгилдин президентигине талапкер катары элге сунуштады жана аны эл колдоду. Жаңы эле шайланган парламент мүчөлөрү менен жаңы өкмөт курамын дайындоо жаатында бир тараптан күрөшүп, экинчи жагынан өлкөнү түрө кыдырып, балдар үйлөрүн, фабрикаларды, ооруканаларды өз көзү менен көрдү.

Мындай ишмердүүлүгү менен опурталдуу, коогалуу учурда өлкөнүн коопсуздугунун, бейпилдигинин символуна айланды. Ал ошондой эле дүйнөнү да кыдырып, Кыргызстанга аброй чогултууга, жаңы каржылык көмөктөрдү табууга умтулду. Анан убактысы келгенде кызмат ордун тынч гана бошотуп берип, шайлоодо өз талапкерлигин койгон жок (анын мындай кадамы жергиликтүү жана эларалык эксперттер тарабынан сындалды).

Бирок ал эч нерсеге карабай мурда берген сөзүнө туруп, Борбор Азия боюнча бийликти өлкөсүнүн тынчтыгы жана ийгилиги үчүн өз каалоосу менен өткөрүп берген алгачкы президент болуп калды. Коомчулуктун көз карашында ал мурда эки бакандай эркек кыла албаган ишти аткарды, башкача айтканда ал мамлекеттин кызыкчылыгын жеке өзүнүкүнөн бийик койду.

Албетте Отунбаеванын лидерлигине айтылган сындар да болбой койгон жок. Айрыкча, өткөөл мезгилдеги бийлик 2010-жылдын июнь айындагы Ош коогалаңы жана бир нече айга созулган түштүктөгү баш аламандыкта таасирдүү иш аткара албады деп чыгышты. Жалпыга маалым болгондой, ошол мезгилде Отунбаева Ош шаарынын мэрин бир нече ирээт кызматтан чегинүүгө буйрук бергени менен ал бул буйрукту аткарган жок.

Кыйчалыш абалда кайра эле өлкө башчысынын аялзаты болуусу сын пикирдин булагына айланды. Анткени саясаттагы жетишкендиктери үчүн да ал аял катары макталса, Оштогу зордук-зомбулукту аял киши кантип ооздуктай алмак эле деп чыгышты. Кандай болгон күндө да анын түштүктөгү кадыр-баркы мурдагыдай эле кайчы пикирлерди жаратып келет.

Отунбаеванын президенттик аспекттеринин дагы бири анын убактылуу болуусу. Анын гендердик өзгөчөлүгү да ушул жерде маанилүү ролдо. Анткени бул өлкөдө аялдар мамлекеттик эмес уюмдарга гана башчылык кылып, көбүн эсе илимий изилдөөлөр менен алектенишет да, аларды саясатта сейрек кездештирүүгө болот.

2005-2007-жылдары парламент менен өкмөткө аялзаты таптакыр мүчө болгон эмес. Ошол эле жылдары жана андан мурда президенттик шайлоого талапкерлигин койгон аялдар эч качан олуттуу атаандаш боло албай келишкен. Саясатта жалаң гана эркектер үстөмдүк кылып турганда жана өлкөдө баш-аламандык, коопсуз кырдаал өкүм сүргөндө өлкө башына аял кишинин келүүсү акылга сыйбагандай көрүнгөн. Кандай болгон күндө да Кыргызстан бул кадамы менен Борбор Азияда аял киши башында турган алгачкы өлкө статусун алды.

Бирок азыр бардыгы кайра өз ордуна келди. Референдумга салыштырмалуу “чыныгы шайлоо” болуп, өлкө кайрадан “чыныгы” эркек президентин шайлады. Бул “чыныгы” эркек президент менен саясатта кайрадан мурдагыдай “тартип” орноп, кадимки абалына кайтат дегенди билдирет. Балким жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин Отунбаева менен бир партиядан, ал тургай анын жакын тарапташы болуусу да өлкө үчүн кандайдыр бир деңгээлде маанилүүдүр.

Президенттик шайлоого саналуу күн калганда Бишкектеги Ак үйдүн алдында “Рахмат сага Роза” деген чыныгы розалар менен жазылган жазуу пайда болду. Бул албетте жүрөктү жылытып, сезимге кубаныч тартуулаганы менен кетип жаткан өлкө башчысынын үч негизги өзгөчөлүгүн дагы бир ирээт эске салды.

Алар анын убактылуу бийлиги, гендердик өзгөчөлүгү менен көптөргө бийлик адилеттүү, камкор, чынчыл болот деген ишеним тартуулоосу эле. Мындан ары да өлкө башчылары гендердик өзгөчөлүгү жана саясий көз карашы аркылуу жеке кызыкчылыгын көздөбөй мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койот деп үмүт кылалы.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.