
Бухара жөөт коомчулугу Борбор Азияда көптөгөн кылымдар бою жашап келген.
Өзбек баш калаасы Ташкенттеги жөөттөрдүн мурдагы кварталы абдан тынч жерде. Эски үлгүдөгү бул үйлөр кенен ички короолору жана аны тоскон жыгач коргондору менен Болливуддун кинолорундагыдай заңгыраган жаңы тамдардын жанында өтө эле жупуну көрүнөт.
Жөөттөр кеткенден кийин, азербайжандар келишти. Азыр азербайжандар жаңы өзбектер үчүн жол салышууда, - дешет жергиликтүү тургундар (жаңы өзбек – коомдогу бай катмарга карата айтылган сыпаттама экен).
Oшентсе да бул эски үйлөрдүн сырткы дубалдары таптаза бойдон сакталып, жөөттөрдүн жашоосу бул шаардан таптакыр жоголуп кете элек. Мурда жөөттөр жашаган бул жалгыз аймакты көргүсү келген адам алдын ала маалымат алып, синагогду жана Бухара жөөттөрүнүн маданий борборун таба алат.
Бухара жөөт коомчулугу Борбор Азияда көптөгөн кылымдар бою жашап келген. Бир нече жыл мурда мен ушул коомчулук менен көп күн чогуу болуп, алардын маданий борборуна да бардым. Оор эшиктен ичкери кадам таштаганымда коопсуздук кызматкери мага баш ийкеп, жөөт коомчулугунун босогосун ачты. Жайдын куйкалаган аптаптуу күнүндө ичтеги аба серүүн жана жагымдуу экен.
Адатта үйдө ар дайым тил курсуна катышып, ылдыйда күткөн ата-энесине тепкичтен чуркаган балдар, жайкы эс алуу үчүн тоого аттанып, ага даярдык катары мөмө ширесинин кутуларын, таттууларды чогулткан топтун лидерлери, кимдир бирөө менен телефондон сүйлөшүп, колу бошобой жаткан катчыга кайрылууга аракет кылган пенсионерлердин күрү-күүсүнө толуп турчу. Ошол жөөттөрдүн гуманитардык жардам көрсөтүүчү Бириккен коомчулук комитети деп аталган уюмда жеке жашоосу, үмүттөрү, умтулууларын мага айтып берүүгө даяр көптөгөн жакшы адамдарга жолуктум.
Таня жаңы эле жыйырмага чыгып, бул борбордо балдарды сүрөт тартууга үйрөтөт экен. Анын таятасы гана жөөт болгон. Диний эрежелер боюнча жөөт тукуму эне тараптан улангандыктан Таня бул улутка эмес болуп чыгат. Анын ата-теги тууралуу маселе бул борбордо маанилүү деле эмес.
Мен жолуккан башка жаштардай эле Таня дагы чет өлкөгө кетүүгө абдан дилгир экен. Киндик каны тамган Өзбекстанда экономикалык жагдайлардын оордугунан улам мекенинде калууга анча көңүлдөнбөй жатыптыр. Бир нече жыл мурда ал Германиянын бийлигине эммиграция тууралуу кайрылып, соңунда оң жооп ала алган.
Ошентсе да анын атасы талап кылынган тил сынагынан өтпөй калган. Анан Таня эмне кылмакчы? Ал Германияда жаңы жашоону баштагысы келген эле. Бирок бул жаңы жашоосун ата-энесин таштап коюп кантип баштай алмак? Ошентип ал бул жакта калууну чечти.
Равшан Танядан бир аз улуураак. Анын үстүнө Равшандын чоң апасы Ферганада жашаган Букхаран жөөттөрүнөн болгондуктан, ал өзбектерге көбүрөөк окшош. Израилге билим берүү программасынын алкагында барып келгенден кийин Равшандын Ыйык Мекенге кайтуу ою биротоло бекемделди. Аны өзгөчө таң калтырган нерсе израилдиктер өтө динчил эместиги болду.
Ташкентке кайтары менен Равшан Израилде жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында дароо эле Иврит тилин үйрөнө баштады. Ошол учурда ал жеке котормочу катары иштечү. Кийин мен Равшан Израилге биротоло кайтчу жолун тапканын жана өзү менен татар келинчегин да алып кеткенин уктум.
Бирок ал жактан кесибине ылайык иш табуу абдан оор болуптур. Ал азыр ресторанда ашпоз болуп иштеп жатат. Бул иши ага өтө деле жакпайт. Көңүлү калган Равшан эми кайра дагы жер которуу тууралуу ойлонууда. Бул ирээт ал Түштүк Американы көздөп жатат.
Ташкенттеги жөөттөрдү кошкондо Өзбекстанда болжол менен 9 миңдей эле жөөт улутундагылар калышты. Жыйырма жыл мурда Советтер Союзу учурунда Өзбек ССРинде бул улуттун 100 миңден ашуун өкүлү жашачу экен. Антисемисттик көз караштар мурдагы советтик өлкөлөрдө кеңири жайылганы менен Өзбекстанда адаттан тышкары мындай кысымдар сезилбей, көчүп кетүү да аз болгон.
Бул борбордогу дагы башка досторум Анна менен Илья эле. Экөө тең жыйырма бештерде, азыр Германияда жашап жатышат. Үч жыл мурда мекенден кеткен Анна үчүн жер которуу оңой эле болгон. Ал кыска мөөнөттө немис тилин өздөштүрүп, Майнц шаарында финансы багытында билим алууда. Илья болсо башка маданиятка бир топ кыйналып көндү.
Бир нече тилде сүйлөгөн бул жигит немис тилинен да сынак тапшырып, университетке өтүүдө абдан кыйналган. Ал башка жашоо нукка көнө албай жатканын коомай гана немис менталитети дегенинен байкаса болот. Бизге караганда, немистер өзүмчүл келип, өзү үчүн гана жашашат экен, - дейт Илья.
Балким Илья кээде Ташкенттеги жөөттөрдүн борборунда чогуу көңүл ачкан досторун эстеп, аларды сагынып жаткандыр. Бирок ал аларды көргөнү барса да, бир нечесин гана жолуктура алат. Анткени досторунун көбү жакшы жашоону издеп чет жакка тарап кетишкен. Азыр алар Орусияда, Израилде, Германияда жана Америка Кошмо Штаттарында жашап жатышат.
Кээбири университеттен алган билими чыныгы жашоодогу көйгөйлөрдү чечүүдө көп деле жардам бере албастыгын жакшы түшүнүштү. Жаңы коомго ыңгайлашуунун жолун издешип, анын маани маңызын аңдашууда. Мындай абалдан кээде кыйналышса да, алар өзүнө жаңы конуш жана журт табуудан кайра артка тартышпайт.










