
Мен алгач ирет Ташкентке 2001-жылдын октябрь айында Москванын Казань вокзалынан чыгып, Өзбекстан деген экспресс поезд менен баргам. Купеден орун алдым.
Сапарлаштарым Ташкентке атасына учурашканы бара жаткан орто жаштагы орус, Намангандагы үйүнө кетипараткан абдан тың украин байбиче, Тажикстандын түштүгүндөгү Кожентке, анын советтик ат менен атоосу боюнча Ленинабадга кайтып бара жаткан улгайган, бийик кайыш өтүк кийген татар адам экен. Биз саясат жана саякат жөнүндө сүйлөшүп, бири-бирибизге унаанын түп жагындагы ак-көгүш табакка коюлган самоордон чай сунуп, салодон (туздалган чочконун майы) чайнап жаттык.
Бул сало бабушканын баштыгында эсепсиз көп экен. Сөзгө чечен, ак көңүл байбиче дасторконду жайып баарыбызда тойгузгандан кийин, таштандыларды тазалап коюп порядок деп канаттануу менен үшкүргөнү али да эсимде. Орусияда алда качан жоголгон меймандостукту ал жыйырма жашынан бери жашаган Борбор Азиядан гана тапса болчудай.
Казакстандын чегарасына сапарыбыздын экинчи өргүүсүндө өтүп, кийинки таңда Актөбөдөн кыйла алыс ойгондук. Телеграфтын зымкарагайлары узакта кылкылдап, учу-кыйыры көрүнбөгөн боз-чап талаадан өтүп бара жаттык. Электр зымдары бүтүп, эми биздин поездибиз эки килейген карамай (дизель) локомотивди тартып баратты. Станцияларга токтогонубузда чоң казанга толтура эт жана картөшкө бышырган аялдар платформаларга тизилишет.
Сыр-Дарыяга жакындаганда да, Арал деңизинин калган бөлүгүндө да раки деп атап коюшкан, сууга кайнатылган деңиз чаянын көтөрүп саткан жаш балдар кырка тизилип турушту. Деңиз чаяны водкага (арак) мыкты закуске катары коңшу купелерде абдан көп желип жатты. Бирок бактыга жараша менин купемде эмес. Түштүккө багыт алганыбызда эл жашаган жерлер суюлду. Казак көрүстөндөрү болсо керек, дубалдары сары кирпичтен, башы дат баскан темирден болгон күмбөздөр, короолуу кой айдаган адамдар жана соңунда эки өркөчтүү төөлөр сейрек кездеше баштады.
Сапарыбыздын экинчи күнү аяктап бара жатканда мен станцияларды эске тута баштадым. Биз сегиз бурчтуу, жыгачтан жасалып, чатырдын үстүңкү капшыты оймо-чийме менен жакшынакай кооздолгон суу чыгаруучу мунараларга жеткиче айрым станциялар кулактандыруу аркылуу айтылып турду.
Имараттардын бардыгы сары кирпичтен салынып, (мындай сары кыштуу имараттар Борбор Азияда падышалык режимден улам Николаевскийлер деп аталарын кийин билдим) жаңычыл оймо-чиймелер жана темирлер менен кооздолуптур. Таң калычтуусу, бул имараттардын чатырлары Париждеги тамдын чатырларына да окшошуп кетет экен. Айрымдары Түркистандагыдай укмуштай кооз реставрацияланса, кайбири чирип баратыптыр.
Ошентсе да алардын бардыгы көзгө жылуу учурап, курулуп бүткөн 1906-жылдан бери аз гана өзгөргөндөй туюлду. Алыскы түштүктөгү эски Транскаспий каттамы алгач ирэт 1881-1898-жылдары Красноводск, Самарканд жана Ташкент ортосунда курулганын кийинчерээк билдим. Ал эми станциялардын курулушу Советтик мезгилде эбегейсиз чоң бетон бөлүктөрү менен кайрадан жанданып, каттамдын жээгиндеги аймак укмуштуудай тездик менен өнүккөн.
Талаа станцияларында убакыт токтоп калгандай көрүнөт. Айланасына эч кандай шаар салынбай, паровоздорго суу толтуруп, май куя турган жайлар алда качан жоголсо да, бул жерде алгачкы үлгү сакталып, адепкисиндей атмосфера өкүм сүрүп турат. Талапка ылайык, Оренбург-Ташкент же Транс-Арал темир жолунун алгачкы каттамын куруу менен кең талаадагы качандыр бир кезде кербендер гана жүрө алган жалгыз аяк жол кеңейген. Бул жол казак өнөр жайынын өнүгүшүнө негиз болуп, Түркистан губерниясынын жетекчилиги менен Орусия бийлигин тыгыз байланыштырган.
Ал аркылуу керек болгон учурда Борбор Азияга аскер жиберилип (1916-жылкы аймакта келип чыккан козголоң учурундагыдай) жана аны менен Москванын текстиль фабрикаларына чийки пахта экспорттолуп турган. Советтик доордо Ташкент-Алматы жана Новосибирскти байланыштырган Турксиб – Туркистан-Сибирь темир жолу керемет мифологияга айланган. Анын курулушу 1926-1931-жылдары бүткөрүлгөн. Бирок темир жол 1917-жылга чейин эле салына баштаган Цардык долбоор эле. Темир жолдор Советтик өнүгүүнүн абдан күчтүү белгиси болгон.
Маселен 1950-жылдарга чейин эч кандай темир жол байланышы болбогон Акмоло Хрущевдун Дың аттуу долбоорунун аркасы менен темир жол байланышынын өзөгүнө айланып, муну менен да чектелбей 1998-жылы Казакстандын жаңы борбор калаасына ыңгайлуу деп табылган да азыркы Астана шаары пайда болгон.
Транс-Арал каттамы бүгүнкү күндө дагы бардык Борбор Азия республикаларын Москва менен байланыштырган негизги жол бойдон калууда. Быйыл бул жол менен кайрадан сапарга чыкканымда менин жанымдагы сапарлашым шуулдаган өзбек соодагер экен. Ал өзүнүн Өзбекстандагы жубайы жана үй-бүлөсү, Оренбургдагы казак сүйүктүүсү жана Орусияга жиберип жаткан кургатылган мөмө-жемиштер толтурулган вагондору тууралуу мактанып отурду.
Ал башка өзбек, тажик жана кыргыз эмгек мигранттарына караганда болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү эле. Алар болсо көбүнчө Орусиянын таштандыларын чыгарышып, курулушунда кара жумуш кылышат. Мекенине алар бул соодагердей ыңгайлуу купеде эмес, жөнөкөй класс делген плацкарт менен гана барышат.
Оренбург-Ташкент темир жолунда жүз жыл мурда пайда болгон саякат жана экономиканын үлгүсү абдан туруктуу болуп, Борбор Азия мурдагыдай эле Орусия менен тыгыз байланышта. Орто жолдо кыска тыныгуулар болгону менен СССР куласа да бул байланыш жаңы дем менен улам чыңалып, өнүгүүдө.










