bbc.co.uk navigation

Башаламандыкпы же демократиянын өнүгүшүбү?

Соңку жаңыланышы: 25-ноябрь, 2011 - 15:16 GMT
Кыргызстан

Кыргызстан

Прессада, саясий баяндамаларда, илимий изилдөлөрдө азыркы Кыргызстандагы ар кандай маселе боюнча көтөрүлүп жаткан каршылык акциялары пайдасыз, туруксуздукту күчөтүүдө деген көз караш калыптанып калды.

Өлкөдөгү толкундоолор социалдык кыймыл эмес, өкмөттү кетирип бийликти басып алууну көздөгөн аппаратчиктердин эле элдин күчүн өз кызыкчылыгында пайдаланып жатканы, дейт бул пикирди кармангандар. Алардын оюнча бул акциялар натыйжада саясий туруксуздукка гана апкелүүдө.

2011-жылы январьдан - октябрь айына чейин Кыргызстанда бир миңден ашуун каршылык акциясы катталыптыр. Айрым саясий баяндамачылар барган сайын Кыргызстанды "кыйрап бараткан мамлекет" деп атай баштады.

Алар каршылык акциялары күч менен коштолуп жатканын, жаңы бийликтин чабал экенин, аймактарда борбордук бийликтин таасири төмөн экенин мисал келтиришет.
Кейиштүүсү, саясий туруксуздук Ош менен Жалалабаддагы улуттар аралык кагылышуунун чыгышына шарт түздү.

Чынында эле 2005-жылдын март айында жана 2010-жылдын апрель айында болгон окуяларды "революция" деп аташ кыйын. Мурунку эле кишилер кайра айланып бийликке келишти. Үмүтү акталбаган демонстранттар арасында зомбулук да күчөдү. Бирок акча үчүн демонстрацияга чыгуу менен башаламандыкка эле кадалып калуу - келечекте олуттуу натыйжаларга апкелүүчү динамиканы көз жаздымда калтырып жүрбөсүн!

Каршылык акциялары социалдык-экономикалык проблемаларды өкмөткө билдирүүнүн ыкмасы. Бишкектин өзүндө быйыл болгон 500 чамалуу акциянын элүү пайызы (50%) социалдык-экономикалык мүнөздө болгон. Аларда керектөө, тейлөө тармагындагы талаптар коюлган.

Бул каршылык акциялардын көбү Бишкекти тегерете жайгашкан жаңы конуштардын проблемаларынан келип чыккан. Буларды жөн гана "жер басып алуучулар" деп ашкерелөөгө болбос. Алардын көбү пара көздөгөн кызматкерлерден же ортомчулардан документтери туура эмес жер сатып алгандар.

2005-жылдагы революциядан кийин турак-жайы жок, жакырчылыкта жашаган кишилер шаар тегерегинен арзан жер сатып алышкан. Алардын документтери туура эмес, көбү талаштуу экенин кийин билип отурушат. Мыйзамдуу жер алып отурукташкан күндө да бул жаңы конуштарда электр, газ, суу, жада калса жол да жок.

Ушул жаңы конуштарга байланыштуу чыккан каршылык акцияларды изилдөө жыйынтыктала элек болсо да үч негизги багытты белгилөөгө болот.

Биринчиден, каршылык акциялары коррупцияга баткан саясий таптын колунан, жакыр социалдык тейлөө тармагынан, жеке менчик ээлери тарабынан акыйкатсыздыкка туш келгенден улам чыгууда. Каршылык билдирип чыккандар турак-жайга укуктуу экенин, базар экономикасы шартында теңсиздик өкүм сүргөнүн айтышат.

Кыргызстандын башка аймактарында болсо жергиликтүү калктын абалын жакшыртууга салым кошкон саясий лидерди жактап чыгуулар көп болот. Башкача айтканда демонстранттардын акыйкат коом концепциясы тууралуу терең түшүнүгү бар.

Экинчиден, туруксуздуктан чоочуп, каршылык акцияларын көзөмөлдөөго умтулган жогорку тепкичтеги саясатчылар аргасыздан демонстранттардын талаптарын аткара баштады.

Жакырчылыкта күн көргөн Ак-Жар жаңы конушунун тургундары август айында Ташкент-Алматы жолун бууп салганда, президент болуп жаңы эле шайланган мурунку премьер Алмазбек Атамбаев бул конушту кыдырып чыккандан кийин, конуштун саясий-административдик статусу боюнча чечим чыгарылды. Башка каршылык топторунун дагы кайсы бир саясатчыга байланбаса деле талаптары аткарылган учурлар бар.

Үчүнчүдөн, каршылык акциясына чыккандар жергиликтүү саясий уюм түзүүгө жөндөмдүү. Көптөгөн жаңы конуштарда мамлекеттик бийлик жокко эсе. Мисалы мектептер, банктар иштебеген Ак-өргөдө өкмөттүк эмес уюмдун алкагында өз алдынча топтор уюшулуп билим берүү программаларын, микро-кредиттик схемаларды жайылта баштады.

Кыргызстандын башка аймактарында саясатчылардын атынан демонстранттарды уюштурган активисттер өздөрүнө да социалдык база түзүп, 2012-жылы жалпы шайлоого аттанышы толук мүмкүн.

Мурунку Советтки мамлекеттерден айырмаланып, Кыргызстанда каршылык билирип чыккан топтор элитанын көзөмөлүндө эмес. Бирок бул демонстрациялар өлкөнүн жаңы либералдык багытынын белгиси эмес. Көп учурда улутчулдук, жердешчилик, же саясий кызыкчылык менен коштолгон бул акциялар коомчулугу базар экономикасынын таасиринен жапа чеккен жаңы эгемен мамлекеттерге мүнөздүү.

Андыктан саясатчылардын парламент аркылуу бул акцияларды көзөмөлдөөгө жана чектөөгө умтулушу бекер жерден эмес. Ошентсе да Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүнүн келечегин түшүнүү үчүн башкарууга гана эмес, каршылыктарга да көңүл буруу зарыл.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.