
Хьюстон 11-февралда, 48 жаш курагында Беверли Хиллс отелинде көз жумду
Жылдык "Грэмми" сыйлыгын ыйгаруу аземи белгилүү поп-ырчы Уитни Хьюстонду эскерүү менен башталды. Хьюстон 11-февралда, 48 жаш курагында Беверли Хиллс отелинде көз жумган.
Учурда ырчынын эмнеден көз жумганы иликтенүүдө. Лос-Анжелес тергөөчүлөрү Уитни Хьюстондун денесинде эч кандай урунган белгилер жок экенин билдиришкен. Бирок, ошондой болсо дагы, анын кандай жагдайда көз жумганы тууралуу иликтөөлөр жүргүзүлөт жана себептерин аныктоого бир нече апта талап кылынышы ыктымал.
"Грэмми" музыкалык сыйлык ыйгаруу аземинин ачылыш сөзүн алып баруучу LL Cool J "биздин үй-бөлөдө жоготуу болду" деген сөздөр менен баштады. Биз өзүбүздүн карындашыбыздан айрылдык, ага дуба кылалы деп кошумчалады ал.
Стив Уондер болсо, "Уитнинин руху асманда, баарыбызды карап турат" деп айтты. Ал эми Женнифер Хадсон Хьюстондун "Мен ар дайым сени сүйөм"(I Will Always love you) атту ырын аткарды.
Уитни Хьюстон Лос-Анжелестеги Беверли Хиллс отелинде көз жумган. Мейманкананын өкүлдөрү аны бөлмөсүнөн эси-ушун жоготкон абалында табышып, тез жардам чакырышкан. Бирок, медицина кызматкерлери ырчыны эсине келтире алган эмес.
Полиция өкүлдөрү Хьюстондун эмнеден көз жумганын тактай элек, бирок, бул окуяда эч кандай кылмыштын белгиси жок деп айтышкан.
Хьюстон зоболосу көтөрүлүп турган кезде Американын музыка индустриясынын "алтын кызы" деп аталган. Анын ырлары рекорддук нускада сатылып, "Жансакчы" жана "Демди күтүү" деген кинофилмдерге тартылган.
Хьюстон өмүрүнүн акырына чейин баңгизат жана алкоголь менен күрөшкөн, үй-бүлөлүк турмушунда дагы кыйнчылыктарды чеккен.









