
Мерил Стрипп атактуу Маргарет Тетчеррдин жеке жашоосун чагылдырган
Келерки айда Америка кино академиясынын Оскар сыйлыгына татыгандар жарыяланат. Эң мыкты актер жана актрисса наамына Жорж Клуни менен Мэрил Стрип көрсөтүлүп жатканы жалпыга маалым болду.
Ал эми мыкты кино-тасма наамына үнсүз фильм Артист менен Тукум улоочулар аттуу драма ат салышууда.
Оскар тапшыруунун 84-аземи Голливуддагы Кодак тетарында 26-февраль күнү болмокчу. Аземди комедия актеру Билли Кристал алып барат.
Эдди Мерфиден кийин биринчи жолу Оскар сыйлыгын тапшыруу аземин алып бара турган Билли Кристал 64 жашта. Ал мындай аземди сегиз жолу алып барган. Эң акыркысы 2004-жылкы Оскар тапшыруу эле.
Жорж Клуни Тукум улоочулар тасмасында башкы каарманды аткарса, Мерил Стрипп атактуу Маргарет Тетчеррдин жеке жашоосун чагылдырган Темир айым тасмасындагы ролу үчүн коюлду.
Франциянын сөзү-үнү жок тартылган Актер аттуу тасмасы да быйылкы жылдын жаңырыгы болуп, көптөгөн эл аралык сыйлыктарга, ананы ичинде Америка кино гильдиясынын сыйлыгына татыды. Ошондой эле Алтын глобус сыйлыгына 12 номинация менен коюлган. Анын ичинде мыкты тасма жана режиссура да бар.

Артист
Мыкты тасма номинациясына Мартин Скорсезенин Гюго, атуулдук укуктарды чагылдырган Жардам менен Вууди Аллендин Парижде түн ортосу аттуу тасмасы да коюлган.
Сыйлык тапшыруу аземин уюштуруучулардын айтымында, тасмаларга баа берүүдө Интернеттеги социалдык кызматтар да активдүү иштеп жатат. Айрыкча, социалдык түйүн аркылуу фильмдерге же актерлорго добуш бергендер көбөйдү. Америка кино академиясынын президенти Том Ширак былтыркы жылы да социалдык түйүндөр аркылуу мыктыларды тандоо болуп, талапкерлерге адилет баа берилген дейт.
Былтыр Британиянын Королдун сөзү аттуу тасмасы мыкты деп табылган. Анда баш каарманды аткарган Колин Фёрз да Оскар алган. Фильмдин режиссеру Том Хуппер мыкты режиссер деп табылып, мыкты сценарий номинациясында да бул тасма Оскарга татыган.








