
"Евразия жылдызы" сынагында
Кыргызстандык жаш ырчы Гүлжигит Калыков Түркиянын ТРТ Аваз телеканалынын демилгеси менен уюштурулган Евразия жылдызы сынагын утуп алды.
Сынакка түрк тилдүү алты мамлекеттен: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түркия жана Түркмөнстандан ырчылары ат салышкан.
Финалдык сынакка чейин 6 апта боюу 6 өлкөнүн ар бир борбор калаасында жарым финалдык кечелер уюштурулуп, ар бир катышуучу өз эне тилинде жана аларды кабыл алган өлкөнүн мамлекеттик тилинде чыгармаларды оркестрдин коштоосунда жандүү үн менен ыр ырдашкан.
Сынактын жыйынтыгы телекөрүүчүлөрдүн SMS билдирүүлөрү аркылуу добуш берүүсү менен чыгарылган экен. Уюштуруучулар теле аркылуу сынакты 300 миллионго жакын көрүүчү күбө болгонун белгилешүүдө.
Гүлжигит Калыков Түгөлбай Казаковдун Жамгыр төктү аттуу чыгармасын аткарып, жеңүүчү деп табылган.
22 жаштагы Кыргызстандык ырчы Гулжигит Калыковдун апасы Майраш Молдобаева өз кубанычын бөлүштү:

Гүлжигит Калыков
-Баарыбыз теледен көрүп отурганбыз. Акыркы жыйынтыкты укканда абдан толкундандык, атасынын көзүнө жаш тегеренип, сүйлөй албай калды. Балам, кичинесинен эле жергиликтүү фестиваль, конкурстардын жеңүүчүсү болгон.
-Жеңишке жетишкенден кийин уулуңуз сиздер менен байланыштыбы?
Майраш Молдобаева:
-Фестиваль бүтөөрү менен байланышты. Айланайын, эл алдында жүзүн жарык болсун, суук көздөн, суук сөздөн алыс бол деп батабызды бердик. Продюссериң Канат байкеңдин эмгеги чоң деп ырахмат айттык. Продюссери бүт кийимдерин тиктирип, ар кайсыл өлкөгө барганда ар башкача кийгиздирип турду. Түркияга барганда биз сунуштаган кийимди кийбейт деп бир айтышты, анан апаң түнү менен тигип чыккан кий деп айткының дедим.









