bbc.co.uk navigation

Кара тизмеде Леди Гага менен Бейонсе

Соңку жаңыланышы: 29-август, 2011 - 10:37 GMT
Кара тизмеде Леди Гага

Кара тизмеде Леди Гага

Леди Гага, Бейонсе жана «Take That» тобунун ырлары Кытайдын Маданият министрилиги тарабынан түзүлгөн кара тизмеге кирип, өлкөдө угууга тыюу салынды.

Музыкалык сайттарга 15-сентябрга чейин аталган ырчылардын ырларын өзүлөрүнүн маалымат базаларынан жок кылуу буйругу берилди. Бийликтин пикирип боюнча аталган ырчылардын ырлары Кытайдын “улуттук маданий коопсуздугуна коркунуч алып келишет”. Ырларды жок кылууну каалабагандар үчүн кылмыш иши козголот.

Кытайда интернет бийлик тарабынан катуу көзөмөлгө алынган. Иргелген сайттарга гана кирүүгө уруксат берилип, мыйзамга каршылары жабылып турат.

Бейонсе

Бейонсе

Маданият министрлигинин веб-сайтындагы маалымат боюнча 100 ырга расмийлер тарабынан тыюу салынды. Бирок мындай тыюу салуу расмий сайттарга ганабы же, расмий эмес сайттарга да тиешелүүбү белгисиз.

Тыюу салынган "кыздар"

2009-жылдан баштап кабыл алынган “жаман табит жана уятсыз мазмун” ошондой эле автордук укуктун бузулуусу сыяктуу эрежелер расмийлерге абдан жагып, Тайвань, Гонконг, Япония ырчыларынын ырларын угууга тыюу салынды.

Батыштан болсо Леди Гаганын: «The Edge of Glory” (Атак-даңктын чегинде), Hair (“Чач”), Marry the Night (“Түнгө турмушка чыккан”), Americano (“Американо”), Judas (“Иуда”) жана Bloody Mary (“Кандуу Мери”) аттуу ырларына, ошондой эле Бейонсенин Girls Who Run the World («Дүйнөнү башкарган кыздар»), Кети Перринин Last Friday Night (“Өткөн жума түнү”) аттуу ырларына тыюу салынды.

Кети Перри

Кети Перри

Бул тизмеде ошондой эле «Backstreet Boys” тобунун I Want It That Way («Ушуну ушундай гана каалайт») аттуу он жыл мурда чыккан ыры да бар.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.