
Жизель
Forbes журналы 2010-жылдын май айынан баштап, 2011-жылдын май айына чейин эң көп акча тапкан атактуу жубайлардын тизмесин чыгарды. Британияын супермодели Жизель 45 миллион доллар табуу менен атактуу жубайлардын биринчи катарына турду.

Том Брэди
Жизелдин күйөөсү спортчу Том Брэди Жаңы Англис Патриоттору аттуу командагы ойногону үчүн 31 миллион доллар алды. Ал NFL менен түзгөн жаңы келишими эң кымбат келишимдердин бири болду. Ошондой эле көптөгөн көмөкчүлөрдөн да кошумча акча таап турат.

Бейонсe менен Jay-Z
Бейонсe менен ырчы Jay-Z экөө биригип, 72 миллион доллар таап, тизмеде экинчи орунду алышты. Бейонс ырлары жана жаңы кийим коллекциясы менен 32 миллион тапса, күйөөсү J-Z Нью-Жерсидеги Улут өмүрү аттуу кампаниясы жана жубайын коштоп жүрүү менен калган 40 миллионду тапты.

Анжелина Жоли менен Брэд Питт
Дүйнөдөгү эң көп иш акыл алган актриса катары Анжелина Жоли былтыр 30 миллионд доллар гонорар алып, эң көп акча тапкандардын үчүнчүсү болду. Ал эми күйөөсү Брэд Питтин продюссердик компаниясынан тапкан кирешеси - 20 миллион доллар. Ал азыр Британияда Дүйнөлүк согуш тасмасына тартылууда.

Бекхэмдер
Атактуу футболчу Дэвид Бекхэм да эң көп акча тапкандардын катарында. Ал айрым спонсорлордун жардамы менен байлыгын көбөйтүүдө. Жубайы Виктория болсо кийим рекламасы сыяктуу ишмердүүлүгүнүн аркасы менен үй-бүлө бюджетине 5 миллион доллар кошту.

Роберт Пэттинсон менен Кристин Стюарт
Роберт Пэттинсон менен Кристин Стюарт 20 миллионго жакын киреше менен бешинчи катарда турушат. Бул жубайлар экөө тең Сумерки (Тунарык) аттуу атактуу тасмасы менен байып кетишти.









