
Жорж Сорос
Атактуу миллиардер, инвеcтор Жорж Соростун бразилиялык мурдагы сүйлөшкөн кызы Соростон 50 миллион доллар талап кылып сотко берди.
28 жаштагы бразилиялык сериалдардын актрисасы Адриана Феррейр беш жылдан бери Сорос менен чогуу жашаганын, Нью-Йоркто чоң квартира сатып берем деп убада берип коюп, аткарбай жатканын айтып, Манхэттен сотуна шаршемби күнү кайрылды.
80 жаштагы Жорж Соростун басма сөз катчысынын айтымында мындай айыптоолор боюнча Соростун эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Бул айыптоо бай адамдан пайда көрүүнү бута кылып алган, жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдын гана аракети, - деди басма сөз катчысы Майкл Вакхон Би-Би-Сиге жазган электрондук катында.
Феррейр Сорос мырзага каршы негизделбеген сот ишин ачып жатат, - деди ал.
"Кыялдагы үй"
Феррейр айымдын адвокаты Роберт Хантман бул багыттагы соңку чечимди сот чыгарарын баса белгиледи.
Феррейрдин айтуусу боюнча, Сорос мырза сот жообуна тартылгысы келбей, аны коркутуп, ар түрдүү опузаларды жасоодо. Мунун натыйжасында Феррейр айымдын психологиясы бузулуп, депрессияда экенин билдирилди.
Соростун мурдагы сүйүктүүсүнүн айтымында, кыялындагы үй болгон Манхэттендин чыгыш бөлүгүнөн 2 миллион доллардык квратира сатып берем деп миллиардер убадасын берген.
Сорос квартира сатып алуу ишин өзү жетектеген компанияга тапшырган, бирок көп өтпөй жуптар мамилесин токтотушуп, квартира Феррейр айымга алынбай калган. Ушул жылдын июнь айында Феррейр айым Сорос менен элдешкен.

Манхэттен
Бирок алар чогуу отурганда Сорос мырза жаңы квартираны жаңы көңүлдөшүнө белек кылганын айткан. Жаалданган Феррейр айымды жаакка бир чаап, муунтууга аракет кылган деп жазылган соттогу доомат катта.
Окуя болгон жерде Феррейр айым полицияны чакырганы менен эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Азыркы тапта Феррейр айым терең депрессияда экени жана ошол мезгилде Нью-Йорктогу Колумбия университетинде билим алып жатканы айтылууда.
"Бай адамдын аркасынан түшүп"
Жорж Соростун адвокаты Уиллям Забел Би-Би-Сиге жазган электрондук билдирүүсүндө Сорос мырза качандыр бир Феррейр айым менен мамиледе болгону бирок, ага эч кандай кол көтөрбөгөнүн билдирди.
Менин кардарымдын үстүнөн жазылган доомат кат бай кишиден акча өндүрүп алууну көздөгөн адамдын аракети, - деди адвокат Забел. Ошондой эле полициянын эч кандай зордук зомбулук болгон эмес деген отчетун далил катары кармоодо.
Сорос менен Феррейр 2006-жылы Нью-Йоркто жолугушуп, бир нече жыл көңүлдөш болушкан. Форбес журналынын Март айындагы маалыматы боюнча, Соростун 14,5 миллиард АКШ доллардык байлыгы бар.









